Абдисатар ДОСБАЕВ:
“АРЗАН, НАТЫЙЖАЛУУ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК ДОЛБООРЛОРУБУЗ БАР”
Бүткүл дүйнө арзан, экологиялык таза энергияга муктаж, ага миллиарддаган доллар салымдар да салынып, ири долбоорлор да ишке ашууда. Кошуна Өзбекстан жакынкы беш жылда электр энергетикасын алуучу бир катар станцияларды куруу максатын көздөп жатат. Кала берсе, атомдук электр станциясын куруу аракетин баштады. Ага караганда Кыргызстандын бул жааттагы мүмкүндүктөрү арбын, бирок аны пайдаланбай жатат. Көп каражат кетирбей эле арзан энергия алуунун жолдору бар. Айрыкча аны жеке ишкерлер коммерциялык максатта пайдаланышса болот. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абаддагы илимий борборунун кызматкери Абдисатар Досбаев ушундай пикирде.
-Абдисатар мырза, бизде ири энергетикалык долбоорлорго алаксып, майда энергетиканы унутуп жаткандайбыз. Чынында биз алыбызга жараша аракет кылсак, натыйжалуураак болмок беле дейм да.
-Эң туура пикир, чынында эле биз ушул багытта аракет кылсак жакшы болмок. Кыргызстандын аймагында 1970 жылдарга чейин деги эле көп чакан, кичи, майда суу электр станциялары (СЭСтер) иштеп келген. Чоң СЭСтер көбөйгөндөн кийин гана алар иштебей токтоп калган. Заман өзгөргөндөн кийин ал станциялар жок болуп, темирлери кошуна кытайга сатып ийдик. Азыр эми калктын жана ишканалардын, бир сөз менен керектөөчүлөрдүн саны көбөйгөн сайын электр энергиясына болгон муктаждык да көбөйүүдө. Өзү Кыргызстандын аймагында шар аккан дарыялар жана алардын куймалары аябай эле көп. Ал суулардан алынып жаткан электр энергиясы жалпы көлөмдүн 10 эле пайызын түзөт жана 14 миллиард киловатт-саатка барабар. Калган 90 пайыз алынуучу энергиябыз жөн эле агып кетип жатат да, жалпы көлөмү 142 миллиард киловатт-саатка тең. Өтө чоң жоготуу. Эгер колдонулбаган суу агымдарынын кубаттуулугун колдонсок, энергия башка кошуна өлкөлөргө да жетмек.
-Ушунча көп энергия куру бекер кетип атабы?
-Ананчы, Кыргызстандагы аккан суулардын баарына чакан, кичи жана майда СЭСтерди курсак, 142 миллиард киловатт-саат энергия болот. Эгер бул энергиянын бир киловатт-сааты 1 сомдон сатылса, 142 миллиард сом болот, демек ал же 2 миллиард доллардан ашат. Ошондуктан тез арада чакан, майда СЭСтерди курууну колго алыш керек.
-Макул, аккан суулардын баарына майда, чакан СЭСтерди куралы дейли. Ага бизде каражат барбы анан?
-Кептин баары ошондо да. Мисалы, чоң СЭСтерди курганга чоң каражат керек, биздин көтөрөм экономикабыз ага чыдабайт. Жыл өткөн сайын пайда болуп жаткан дагы бир көйгөй, бул климаттын өзгөрүшү, жылуулуктун жогорулашы болуп жатат. Эгер жыл сайын ушинтип жылуулук көбөйө берсе, мөңгүлөр эрип, энергия берүүчү суулар да азаят. Анан чоң СЭСтердин иштеши күмөн болуп калат. Майда дамбаларды куруп, аз аздан суу тополо турган суу сактагычтарды куруу керек. Майда СЭСтерге көп чыгым талап кылынбайт жана курулушуна көп убакыт да керектелбейт. Эгер майда СЭСтерди куруу менен алардан түшкөн каражатка кийинкилерин куруп отурсак, 5-6 жылда Кыргызстандын электр пайдалануучуларын камсыз кыла тургандай кубаттуулуктагы энергия ала алабыз. Чакан, кичи, майда СЭСтерди курууга керектүү жабдуулардын тетиктерин өзүбүздүн али талкаланып бүтө элек заводдордо жасап алса болот. Жана да ушул 5-6 жылдын ичинде 25 миллиард киловатт-саат көлөмүндө энергия алууга шарт бар. Бул тууралуу айткан же көңүл бурган киши болбойт атат.
-Эгер ушундай СЭСтерди курууга көп каражат кетпесе, аны капчыгы калың ишкерлер деле курса болот го? Суу кечип АКШга качпай эле ушул жакта адал оокат кылганга шарт бар окшойт.
-Эң туура кеп болуп атат. Мына Европа мамлекеттеринде электр энергиясын өндүргөн жеке кишилерден мамлекет энергияны сатып алат. Бизде баарын мамлекеттен сатып аласың, ал жакта тескерисинче. Биз да ошол жолго түшүүбүз керек. Жеке менчик чакан СЭС кургам дегендерге уруксат берүү жана шарт түзүү аркылуу өлкөдө көп энергия өндүрсө болот. Андан эл да, мамлекет да сатып алат. Ишкердик да өнүгөт, арзанчылык да болот. Ошентип жалпы экономика өнүгүп кетет болчу. Башкысы, ушундай жол менен энергия өндүрүүнүн техникалык, коммерциялык жоготуулары кескин азаят. Себеп, майда СЭСтерден алыскы аралыкка энергия берилбейт, техникалык жоготуу аз болот.
-Жеке менчик СЭС куруп, иштеткендерге бул канчалык пайдалуу болор экен? Себеби ишкерлер пайдасын эсептеп алмайынча буга аракет кылышпайт да.
-Чынында бул пайдалуу иш, бир дагы ишкер куру калбайт. Анан айта кетейин чакан СЭСтердин пайдалуу экенин түшүнгөн бизнесмендер алтын кенин сатып, ордуна чакан СЭС куруп жатышат. Мисалы, 5-6 миллион сом сарптап станция курат да, аны 35-40 жыл пайдаланат. Эгерде 200 киловатт-сааттык кичи СЭС курса, ал саатына 200 сом берет, бир суткада 4800 сом, бир айда 144 миң сом болот, ал эми бир жылда 1 миллион 728 миң сом акча алат. Ошондо курулган станция өзүн-өзү 3 жылда эле актайт, калган 35-40 жыл СЭСтен түшкөн киреше 69 миллион 120 миң сом акчаны чөнтөккө салат. Бул 200 эле киловатт-сааттык СЭС болгондогусу, эгерде 1000 киловатт-сааттык станция болсо, киреше 5 эсе, 1 миллион киловатт-сааттык станция болсо, киреше 50 эсе көп болот.
-Анда мамлекеттик энергия өндүрүү тармагы зыянга учурап калбайбы?
-Тескерисинче, мамлекет өндүргөн энергиянын кыйла бөлүгүн сыртка сатуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бул мамлекеттик казынага пайда алып келет, социалдык көп маселелерди чечкенге шарт жаралат. Бизден электр энергиясын алууга даяр мамлекеттер бар, алар Кытай, Пакистан, Ооганстан, Казакстан жана башкалар. Эгерде ушундай ой ишке ашып калса, анда азыркы сырткы карыздардан 2-3 жыл ичинде кутулуп калуу мүмкүн эле. Электр энергиясын экспортко берүүгө шарт бар, “Датка” жана “Кемин” подстанцияларынан ары линиялардын улап, алып кетсе болот. Анан да экспортко берүү боюнча келишим түзүлүп жатканда электр энергиясын алуучу тарапка линия тартууну жана көмөкчү чордондорду курууну милдеттендириш керек. Биздикилер курса же зым жетпей калат, же подстанция жарылып кетип, жолдо калат.
-Эми бул жакшы идеяны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек? Тоскоолдуктар жокпу?
-Биздеги айрым мыйзамдарды өзгөртүү керек болот. Дагы бир көйгөй, биздеги электр тармагын жеңил жашоону көздөгөндөр үчкө бөлүп алышкан жана алардын жасап жаткан иштери мыйзамдуу. Себеби Жогорку Кеңеш эч кандай пайдалуу мотиви жок эле мыйзам чыгарып койгон. Эми ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек же кайтарып алуу керек. Ансыз жогорудагы ойлор ишке ашышы күмөн.
-Кичи энергетиканын ар тараптуу пайдалуу жактары тууралуу айтылып жүрөт. Сиз эмне айта аласыз?
-Чынында эле бул түгөнгүс жана айлана чөйрөгө зыянсыз байлык. Чакан СЭСти долбоорлоодо биз Жалал-Абад илимий борборундагы изилдөөчүлөр экологиялык коопсуздукту эске алып, анан гана сунуштайбыз. Көптөрү СЭС десе эле дамбаны (плотинаны) жана анын артында топтолгон суу каптаган гектарлаган жерлерди элестетиши мүмкүн. Бирок андай эмес, суу баскан аянт анча көп болбойт жана ал сууга балык чарбасын уюштурууга да болот. Ден соолукка да, экономикага да пайда. Жыл өткөн сайын парник эффектисинин айынан нымдуулук жоголуп жатпайбы, кичи станциялар сууну топтоп, нымдуулукту да сактап турушат, бул жагынан да экологияга эбегейсиз пайда. Анан калса, курулган дамбанын жардамы менен селдин алдын алууга болот, ал эми жайкы сугат маалында сууну ченеп берүү менен сугат иштерин жакшыртууга шарт түзүлөт. Дагы айта кетчү нерсе, көпчүлүк долбоорлордо дамба курулушу каралбайт, жөн гана жердин шартына жараша курулмалар (конструкциялар) тандалат. Ошондуктан чыгым да аз чыгым сарпталат.
-Мунун чакан айылдарга, жайлоолорго пайдасы көбүрөөк го дейм?
-Мунун чакан айыл-кыштактар менен жайлоолордон башка да жалпы Кыргызстан үчүн көп пайдалуу жактары бар. Албетте, электр тогу жетпеген алыскы жайлоолордо көчүп жашаган жарандарыбызга 2-3 киловатт-сааттык СЭСти куруп берсе, жашоо шарты жеңилдемек, заманбап жашоо уюштурмак. Отун алып, от жаккандан кутулмак, телевизор, муздаткыч, телефон колдонушмак. Жайлоодо даярдаган тамак-аш продукциялары экологиялык таза боюнча сакталмак жана баасы ашмак, экспортко жөнөтүүгө болмок. Туристтерди тейлегендер үчүн да, келген меймандарга да жакшы шарт түзүлүп, бул тармактын мүмкүнчүлүгү артмак.
-Баса, жайлоодо, токойлордун жака-белинде жашагандар отун алам деп, экологияга да кыйла зыян болот.
-Эң туура, мисалы 100 түтүн кожолук бир жылда 5 кубометр отун жакса, бир жылдык жагылган отун 500 кубометр болот. Эгер бир түп дарактан 0,5 кубометр отун чыкса, демек бир жылда бул 1000 түп дарак деген сөз. Ошондо ар жылы миң даана дарак кыйылат же 5 гектар токойлуу аянт дараксыз калат дегендик. Демек, 3 ай жайлоо маалында бир үй-бүлө 270 килограмм отун жагат. Эгер миң үй отун колдонсо, 270 миң килограмм отун үчүн 400 дарак кесилет же жок дегенде 2 гектар аянт дараксыз жайдак калат. Бак-дарак бар жерде нымдуулук сакталат, арасында флора-фауна болот, селден жана көчкүдөн сакталат, ошондой эле абаны да тазалап турат. Жалпы эсепте Кыргызстан боюнча 100 гектар аянт токойсуз калат экен, бул чоң жоготуу.
-Сиз конкреттүү эмнени сунуштар элеңиз. Мындай чакан энергетикалык жабдуулар барбы?
-Биздин Жалал-Абад илимий борборубузда СЭС боюнча көптөгөн даяр долбоорлорубуз бар. Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте ойлоп тапкан жаңы курулмаларыбыз (конструкцияларыбыз) бар. Алардын бири суу менен да, шамал менен да иштей турган курулма, 1 киловатт-сааттан 10 киловатт-саатка чейин кубаттуулукта. Аларды бир жерден экинчи жерге көчүрүп жүрүүгө болот. Андан чоң кубаттуулуктагы курулмаларды алып жүрүүгө техника керек болот. Аларды сууга жайгаштырып куруп, пайдасын көрсө болот. Кызыккандар үчүн биздин эшигибиз дайыма ачык.
Жалил САПАРОВ, журналист.