Эми АКШнын президенти Дональд Трамп Мексиканын да катыгын берип, ал жактан кирүүчү товаралрдын баарына 5 пайыздык алым киргизе турган болду. Бул тууралуу өз өзүнүн Twitter-аккаунтунда жазым чыккан.
Эгер Мексика чек арасы аркылуу АКШга кирип жаткан мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотпосо, анда 10-июндан тартып 5 пайыздык алым киргизилет жана ай сайын ошончо пайыздан көбөйүп отурат. Анан эң акырында, 1-октярдан тартып алымдар 25 пайызга чейин жеткирилмекчи. Эгер Мексика АКШ койгон талаптарды аткарса эле алымдар дароо алынып салынат.
Буга чейин Трамп өзүнүн твиттеринде АКШнын чек арасын кесип өтүп жаткан мыйзаамсыз мигранттардын жооп тобунун видео-тасмасын жарыялаган. АКШнын аймагында 1036 мыйзамсыз мигрант жүргөнү жазылган.
Ал эми Мексиканын президенти Трамптын мындай ниетине нааразылык иретинде “татыктуу жооп берилерин” билдирген.
АКШ бир топ убактардан бери мыйзасыз миграцияга каршы күрөшүп келет. Дональд Трамп президенттик шайлоо убагында америкалык-мексикалык чек араны дубал менен тосуу убадасын берген. Анын бул аракетине Конгресстин төмөнкү палатасы каршы чыгып, бюджеттен керектүү өлчөмдөгү каражатты бөлүп бербеди. Трамп өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоо менен бул максатка аскердик бюджетти пайдаланууга аракет жасады, бирок Калифорния штатынын соту Коргоо министрлигинин бюджетин буга жумшоого тыюу салган чечимин чыгарды.