Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында депутат менен шаар прокурору сөз талашып, айтыша кетишти. Буга депутат Шайырбек Ташиевдин прокурорго нааразылыгы себеп болду.
Шаардагы “Жалал-Абадсууканал” ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакировго мурдагы кезексиз өткөн сессияда ишенбөөчүлүк жарыяланган жана жетекчилик кызматынан кетүүсү талап кылынган. Сессия учурунда “саясий оюн жана депутаттар буюртма аткарып жаткандай сезилгендиги үчүн” деп, Т.Бакиров прокуратурадан чечимин мыйзамдуулугун карап беришин суранган. Ал эми шаар прокурору Мурзаев Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессияда кабыл алган чечимине каршылык билдирип, кайрадан комиссияда карап чыгуусун талап кылган. Бирок, шаардык кеңешинин айрым депутаттары буга караманча-каршы туруп, ал маселе 29-октябрдагы сессияда дагы бир жолу каралды. Депутаттар кеңешмеге шаар прокурорунун өзү келүүсүн талап кылышып, жыйынтыгында айрым нааразычылыктарын да айтып алышты.
Алгач суроо берген депутат Шайырбек Ташиев прокурор менен сөз талаша кетти, алардын кайым айтышуусун төраганын сөзү токтотту.
-Көчмө жыйын деген эмне билесизби? 3-пункта көчмө жыйын деп атапсыздар, ал деген айылдык кеңештин чогулуштары. Ал эми биринчи пункта айтылгандай маселе бир эле депутаттын эмес фракциянын сунушу болгон, – деп түшүндүрдү Ш.Ташиев.
Ал эми Мурзаев кайым айтышуудан кийин депутаттарга сессияда каалагандай талкуулап, жыйынтык чыгара беришерин, алардын суроолоруна сессия учурунда жооп берүүгө милдеттүү эмес экенин айтып, жооп берүүдөн баш тартты.
Ал эми депутаттардын эмнеге Т.Бакировдун кош жарандуулугун, 80 миң сом каражатты максатсыз пайдалангандыгын текшербейсиздер, биз ушул негизде ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз деген суроолоруна прокурор төмөндөгүдөй жооп берди.
-Өз алдыбызча эле текшере албайбыз, анда силер бизге кайрылгыла, ошонун негизинде текшеребиз. Ал эми Т.Бакиров бизге сессиянын токтому боюнча арыз менен кайрылгандыктан текшерип чыгып, каршылык билдирдик.
Мындан сырткары, шаар депутаттары буга чейин жерлердин категориясын өзгөртүү чечимдерине прокуратурадан каршылык келип жүргөнүн, аларды сотко берип, кайра эле шаар кеңеши утуп чыгып жаткан жагдайлар бар экенин кошумчалашты.
Жыйынтыгында мурдагы сессияда кабыл алынган чечимди өзгөртүүгө эч ким добуш берген жок. Ошону менен прокуратуранын каршылыгы четке кагылды.
Роза АКМАТЖАН кызы.