Кытай биринчи жолу байлардын саны боюнча рейтингде АКШдан алдыга озуп кетти. Швейцариянын Credit Suisse банкынын эсептөөлөрүнө караганда, Кытайдагы байлардын саны 100 миллион болуп, АКШдагы анын саны 99 миллионго барабар.
Credit Suisse банкы дүйнөлүк байлыктын 10 пайызын колунда кармап тургандарды байлар деп эсептейт. Деген менен, Кытай миллионерлердин саны боюнча АКШга жете алган жок. Мисалы, Кошмо Штаттарда колунда 1 миллиондон ашык доллары бар кишилердин саны 18,6 миллионго жетет. Ал эми Кытайда андайлар саны 4,4 миллион гана.
Credit Suisse банкынын баамында, дүйнөдө 1 миллион доллардан ашык каражаты бар 46,8 миллион киши жашайт. Ал эми дүйнөдөгү бардык байлардын колундагы каражаттар көлөмү 158,3 триллион долларга барабар. Алар Жер шарындагы байлыктын 44 пайызын кармап турушат.