Таажылуу вирустун таралышына байланыштуу карантин чаралары жалпы өлкөнүн алкагында Жалал-Абад областында да экономикалык төмөндөөгө алып келди. Азыркы тапта аны мурдагы калыбына келтирүү аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынан билдиршити.
Алынган маалыматтарга ишенсек, быйылкы 1-чейректе кайра иштетүү тармагында алынган продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 86,7 пайызды, жалпы өнөр жай тармагындагы өндүрүлгөн продукциянын ичиндеги анын үлүшү 8,6 пайызды түзгөн. Анын ичинде тамак-аш, ичимдиктер менен тамеки продукцияларын өндүрүү көлөмү 68 пайызды, мунайзат, кокс продуктыларын өндүрүү көлөмү 93,5 пайызды, жыгач иштетүү жана жыгачтан буюм жасоо көлөмү 89 пайызды, желим жана пластмасса өндүрүү көлөмү 99,9 пайызды, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү көлөмү 57,6 пайызды, башка металл эмес минералдык продуктыларды өндүрүү көлөмү 65,5 пайызды түздү.
Ошол эле кезде айрым тармактар боюнча өндүрүлгөн продукциянын көлөмү карантин иш-чараларына карабастан өскөнү да байкалат. Мисалы, биринчи чейректе област боюнча айыл чарбасынын, аңчылык жана токой чарбасынын өндүрүлгөн дүң продукциясынын көлөмү 3 миллиард 887,8 миллион сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма бааларда 101,8 пайызга жана продукциянын физикалык көлөмүнүн индекси 101,7 пайызга аткарылды. Бул жалпы республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясындагы областын үлүшү 15,7 пайызды түзгөн билдирет.