www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АМИР ТЕМИРДИН АНЖИР БАГЫ ТУРИЗМ ОБЪЕКТИСИ БОЛОТ

05.05.2020
0 0
0
SHARES
458
Просмотры
Бөлүшүү

Эми Самарканддагы Амир Темирдин анжир багы туристтик маанилүү объектке айландырылат. Баары таажылуу вирус менен алек болуп жатканда Өзбекстан карантинден кийинки өлкөнүн жашоосу үчүн аракет кылууда. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агентиги жазып чыкты.

Самарканд шаарындагы Амир Темирдин анжир багы жайгашкан Багибаланд маалесин өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик комитети туристтер көп байырлаган жерге айландырууну чечти. Бул анжир багынын жалпы аянты 40 гектар, Зарафшан суусунун сол жээгиндеги дөңсөөнүн түшө беришинде жайгашкан.

“Бабур-намеде” жазылгандай, бул анжир багы Амир Темир тарабынан сүйүктүү небереси Мироншах Окабегимге арналып негизделген, узак тарыхы бар. Ал эми жергиликтүү тургундар анжир багын өстүрүүнүн башкаларга белгисиз сырларын жакшы өздөштүрүшкөн жана аларды муундан-муунга калтырып келишет. Бактагы анжирлердин айрымдарынын жашы кеминде 200-300 жылга барабар.

Ал эми анжир багы жайгашкан маалени туристтик аймакка айландыруу ниети Туризм боюнча мамлекеттик комитетине, Самарканд областынын туризм департаментине, областтык акимчилигине таандык. Өлкө президентинин туризм жаатындагы атайын жарлыгына ылайык, мындай калктуу конуштарда үй-бүлөлүк конок үйлөрүн, кеминде беш түрдүү кызмат көрсөтүүчү коомдук институттарды жайылтуу жагы каралууда.

Учурда бул долбоорду ишке ашыруу аракеттери башталды. Ошол аймактагы фермердик чарбалар өз ээликтеринде мыкты сорттогу анжирлерди өстүрүп, туристтер жакшы эс алышы үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылышат. Аны үчүн шыйпаңдар, сөрүлөр жасалып, улуттук даамдарды, баалуулуктарды туристтерге ачык абада тартуулашат. Туристтер бышкан анжирлерди өздөрү теришет, аларды багуу сырлары менен таанышышат. Аларга кургатылган анжир, кыямдар берилет. Фольклордук жамааттар туристтерге эстетикалык ырахат тартуулашат.

Ал эми анжир жылына эки жолу – июнда жана сентябрда түшүм бериши эске алынып, туристтерди ошол убакта кабыл алуу жагы каралууда.

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАНДА ИПОТЕКА ШАРТТАРЫ ЖАКШЫРДЫ

Кийинки пост

COVID-19: КАРАНТИНДЕН УЛАМ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКОНОМИКА ТӨМӨНДӨДҮ

Кийинки пост
COVID-19: КАРАНТИНДЕН УЛАМ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКОНОМИКА ТӨМӨНДӨДҮ

COVID-19: КАРАНТИНДЕН УЛАМ ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКОНОМИКА ТӨМӨНДӨДҮ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In