Дүйнөдө жүз берген пандемиянын айынан расмий эмгек келишимисиз иштеген 1,6 миллиард адам эмгек акысыз, кирешесиз калышы ыктымал. Мындай адамдар башкаларга караганда азыраак корголушкан, өзгөчө кырдаал мезгилинде аларга жумушсуздук жөлөк пулу да берилбей, башка да социалдык колдоо чаралары көрүлбөйт.
Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) билдиришинче, пандемияга байланыштуу дүйнөдөгү 430 миллиондой ишканалар ишин токтотуунун алдында турат, бул жүз миллиондогон адамдар кирешеден кол жууйт дегендик. Аталган уюмдун Башкы директору Гай Райдер өкмөттөрдү эмгек рыногунда жүз берген кризистен улам башкаларга караганда көбүрөөк жабыр тарткан калктын аярлуу бөлүгүн социалдык жактан коргоо боюнча ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.
Анын айтымында, миллиондогон адамдардын кирешесиз болушу алардын тамак-ашсыз калышын, коопсуздугу коркунучта калганын, келечеги бүдөмүк болорун каңкуулайт. Азыр миллиондогон ишканалар араң гана иштеп, топтогон кору жана насыя алууга мүмкүнчүлүгү да жок. Эгер жардам чаралары көрүлбөсө, алар жок болуп кетишет.
Бул уюмдун эксперттеринин билдиришинче, дүйнөдө 3,3 миллиард киши иштеп жатат, алардын 2 миллиарды экономиканын бейформал секторунда иштейт. Алардын 1,6 миллиарды жакынкы убакта жумушсуз калышы ыктымал. Аларда расмий эмгек келишим болбогондуктан, жөлөк пул берилбейт да, эч бир кирешесиз оор акыбалда калышат.
Уюмдун баамында, карантиндин биринчи эле айында экономиканын бейформал секторунда иштегендердин кирешеси 60 пайызга азайып кеткен. Айрым аймактарда мындан да көбүрөөк жабыр тартышты: мисалы, Африка жана Латын Америкасында киреше 80 пайызга азайса, Европа жана Борбордук Азияда 70 пайыз азайган.
Адистердин эсебинде, дүйнө боюнча экинчи квартал ичинде жумушчу күндүн узактыгы 10,5 пайызга кыскарат, бул 305 миллион жумушчу орундары кыскарат деген сөз. Буга чейин жумушчу убактысы 6,7 пайызга, жумуш орундары 195 миллионго кыскарат делген. Деген менен, айрым аймактарда акыбал ого бетер оор болушу мүмкүн. Мисалы, Европа менен Борбордук Азияда жумуш убактысы 11,8 пайызга кыскарышы күтүлөт.