Өзбекстандын Наманган областы менен чектешкен Аксы районунун Дейрес-Сай айылынын тургундары турак-жайларын таштап көчүп кетишти. Мурда 20 кожолук жашаган айылда азыр, 8 гана түтүн калган, алар да көчүүгө камданып жатышат.
Акылбек Жуматаевдин үй-бүлөсү чек ара боюндагы айылда жалгыз калган кошуналары эбак көчүп кетишкен. Анын айтымында, таза сууну отуз чакырым алыстыктан ташып келишет, же жамгырдын суусун топтошот. Ал эми балдары 10 чакырым ээн жолду басып, мектепке барышат.
Айылда негизги киреше булагы — мал чарбачылыгы. Адырга айдаган мал чек арадан ары өтүп, ошол бойдон малынан да, кирешеден да кол жууган учурлар болгон. Таза суу менен мектеп жоктугу аз келгенсип, мурдагы жылы айылды сел каптаган. Мал сарайларды сел жууп кеткенден кийин эл мындан көчүп кетүүгө аргасыз болду.
Дейрес-Сай айылынын башчысынын айтымында, айыл 1983-жылы түптөлгөн. Ошондой бери бери бул көйгөйлүү айылга көңүл бурулбайт. Чек аранын такталбагандыгы элди түйшүккө салып, кыйынчылыктарга кабылып келишти.
Эске сала кетсек, Аксы районунда 137 миңден ашуун калк жашайт. Ошондой эле, райондогу 4 айыл өкмөтү чек ара боюнда жайгашкан. Учурда Дейрес-Сайдын тургундары көчүп кетип, айыл ээн калууда.