Чаткал районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу боюнча реалдуу кадамдар жасалууда. Анын алкагында Сумсар, Шекафтар, Ак-Башат айылдарында жайгашкан мектептер окуучуларынын арасында спорттук таймаш уюштурулду. Иш-чара “Жаштар кылмыштуулукка каршы” аталышында Чаткал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн.
Бул иш-чарага райондогу 13 мектеп катышып, кыздар жана балдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү. Чаткал РИИБнинбашчысы, милициянын полковниги Азизбек Айдарбеков катышып, кылмыш жоопкерчилигинин курагы боюнча окуучуларга түшүндүрмө берилип, жаштарды дени сак жашоого, патриоттуулукка үндөгөн сөздөр айтылды.
Оюндардын жыйынтыгында уландар арасында 1-орундуЮ.Гагарин атындагы мектептин окуучулары багындырган болсо, 2-орунду Сумсар жана 3-орунду В.И.Ленин атындагы гимназия мектебинин жаш спортчулары ээлешти. Ошондой эле кыздар арасында 1-орундуВ.И.Ленин атындагы гимназия мектебинин окуучулары багындырып, 2-орунду Ю.Гагарин атындагы жана 3-орунду Сумсар ортомектебинин жаш спортчулары ээлешти. Жеңүүчүлѳргѳ РИИБнин жетекчилиги тарабынан кубок жана баалуу белектер тапшырылды.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде Жалал-Абад областы боюнча өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар саны өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 9 фактыга азайган.