Алыскы райондо республикалык чемпионат өткөрүүнү Каныш-Кыя айыл өкмөтү демилгелеп чыккан. Эр эңиш боюнча өлкөнүн бешинчи чемпионаты аталган айыл аймакта өткөрүлмөй болууда. Баш байгеге 250 миң сом коюлган.
Жети дубандын балбандарынын күч сынашы 5-6-7-ноябрь күндөрүнө белгиленген. Катышуучулар 5-ноябрь күнү кечки саат 18:00гө чейин каттоодон өтүшү керек. Учурда даярдык иштери кызуу жүрүүдө.
Кошумчалай кетчү жагдай, ошол күндөрү, тактап айтканда 7-ноябрь күнү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында райондук деңгээлдеги түшүм майрамы да уюштурулат.