Индия өткөн дүйшөмбү күнү Иран менен Чабахардагы портту иштетүү жана өнүктүрүү боюнча 10 жылдык контрактты бекитти. Нарендра Моди баштаган Индиянын өкмөтү бул кадам стратегиялык Жакынкы Чыгыш өлкөсү менен болгон мамилелерди бекемдейт деп билдирди. А чынында Чабахардагы портту башкаруу Индия үчүн Борбордук Азиянын жана дүйнөлүк соода-сатыктын дарбазасын ачат.
Келишимге ылайык, Индия Иранга караштуу Оман булуңунун түштүк-чыгыш боюндагы портту өнүктүрмөкчү. Бул порт Пакистандагы Карачи жана Гвадар портторун кыйгап өтүп, Иранга, Афганистанга жана Борбордук Азияга товар ташуу үчүн стратегиялык-транзиттик багыт катары кызмат кылмакчы. Ошондой эле Чабахардагы порт Индия менен Ирандын ортосундагы соода-сатыкты жеңилдетүү менен гана чектелип калбайт, ал андан ары Афганистан жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода алакаларын түзүүчү жана чыңдоочу маанилүү жайга айланат.
Аталган максаттарды ишке ашыруу – Чабахардагы портту өнүктүрүү эми India Ports Global Ltd (IPGL) жана Ирандын Порт жана деңиз уюмунун ортосундагы узак мөөнөттүү келишимдин алкагында жүрө турган болду. Он жылга созулган бул келишимдин ишке ашырылышы Чабахардагы Шахид Бехешти портунун терминалын иштетүүнү жеңилдетет. Келишимдин шарттарында көрсөтүлгөндөй, Индия Чабахар портундагы негизги жабдууларды сатып алуу, орнотуу жана ишке салуу боюнча жоопкерчилик алат. Ал эми порт толугу менен Индиянын Порттор, кемелер жана суу жолдору министрлигине таандык болот.
Индия долбоордун алкагында Чабахардагы Шахид Бехешти өнүктүрүү жана иштетүү үчүн 120 миллион АКШ долларынын тегерегинде инвестиция жасап, порттун инфраструктурасын модернизацялоо максатында 250 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя сунуштайт. Чабахардагы порт Индиянын чет жактагы башкарган биринчи порту гана болбостон, аны Кытайдын “Бир кур, бир жол” демилгесинин алкагында өнүгүп жаткан Пакистандын Гвадар портуна Нью-Делинин жообу катары да караса болот. Деген менен, Чабахардагы порт өткөн жылы Нью-Делиде өткөн G20 саммитинде сунуш кылынган Индия – Жакынкы Чыгыш – Европа багытындагы экономикалык коридорун (IMEC) толуктайт. Азыркы учурда IMECтин ишке ашырылышы, АКШ баштаган Индия менен Европаны ортосунда Персия булуңу аркылуу байланыштарды чыңдоо демилгелери Газа секторундагы согуштун жана анын кесепеттеринин айынан токтоп калды.
Бул келишим Индиянын улуттук кызыкчылыктары үчүн чечүүчү мааниге ээ, анткени ал пайдалуу дүйнөлүк рынокторго кыйла ыкчам жолду ачып берет. Чабахардагы порттун стратегиялык өзгөчө жайланышы, Гужараттагы Кандла портунан ага чейинки аралык 550 деңиз милясына (1 миля — 1852 метр – ред.) барабар болушу Индиянын Афганистанга, Борбордук Азияга жана Европага түз жана бат жетип алышын шарттайт. Жалпы элдик шайлоолор болуп жаткан кезде Индиянын Порттор, кемелер жана суу жолдору министри Сарбананда Соновалдын атайын Иранга келиши Нью-Делинин Чабхабардагы портко канчалык маани беришин айгинелеп турат. Индия мындан ары да аймактагы кызыкдар тараптар менен биргеликте аймактагы чыңалууну азайтуу жана туруктуулукту бекемдөө багытында дипломатиялык аракеттерин арттыра бермекчи. Мүмкүн болуучу ар кандай тоскоолдуктарды алдын ала көрүү жана азайтуу үчүн Нью-Дели тобокелдиктерди башкаруу жаатында комплекстүү стратегияны ишке ашырууну пландап жатат.
Чабахар долбоору эки портту: Шахид Бехешти жана Шахид Калантари портторун камтыйт. Индиянын инвестицилары бир гана Шахид Бехешти портуна багытталган, деген менен анын биринчи этабы 2017-жылы ачылган эле. Андан кийин Индия портту Афганистанга буудай жөнөтүү үчүн пайдаланган. Ал эми 2018-жылы Иран Индияга андан ары улантуу мүмкүнчүлүгү менен Чабахардагы портко 18 айлык ыкчам көзөмөл жүргүзүү жагын өткөрүп берген. Бул портту өнүктүрүү төрт этап менен жүрүшү каралууда, жыйынтыгында жылдык жүк өткөрмө мүмкүнчүлүгүн 82 миллион тоннага жеткирүү пландалып жатат.
Чабахар сөзү перс тилинен которгондо “төрт булак” дегенди түшүндүрөт – ал Ирандын Систан-Белужистан провинциясындагы түбү терең порт. Анын ачык деңиздин боюнда жайгашышы оор жүктөрдү жеңил жана коопсуз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ирандын тарыхый мартабалуу окумуштуусу Аль Бируни Чабахарды субконтинентке кирүүчү чекит катары сүрөттөп жазып калтырган. Порт Оман булуңунан жана Ормуз кысыгынан, Батыш Азия менен Азияны, Европаны жана Түндүк Американы байланыштыруучу маанилүү кемелер жүрүүчү багыттан алыс эмес жайгашкан. Чабахар ошондой эле Инд океаны менен Персия булуңун Каспий деңизи менен Иран аркылуу жана андан ары Санкт-Петербург аркылуу түндүк Европа менен байланыштыруучу сунуш кылынган Эл аралык Түндүк-Түштүк унаа коридорунун (INSTC), мультимодалдык унаа багытынын бөлүгү болуп саналат. Тармактык баалоолор көрсөткөндөй, INSTC аркылуу жүк жеткирүү Суэц каналы аркылуу жүк ташыганга караганда 15 күндү үнөмдөй алат.
Бул портко Гужараттан жана Мумбайдан бат эле жетип алса болот, анан калса Кандла жана Чабахар портторунун арылыгы Мумбай менен Делиге караганда жакын. Чабахардан башталган жана Индиянын колдоосу менен курулуп жаткан 218 чакырымдык жол Афганистандагы Заранж шаарына чейин барат. Бул жол Афганистандагы төрт ири шаарга – Гератка, Кандагарга, Кабулга жана Мазари-Шарифке жол ачат, ошондой эле курулушу акыр аягына чейин чыккан соң Түркмөнстан жана Казакстан менен ыңгайлуу байланыш камсыз болот.
Афганистанга Чабахардагы порт аркылуу жүк жеткирүү Пакистан аркылуу кургак жол менен жүк ташууга караганда жеңилирээк жана коопсуз эсептелет. Инд-Тынч океан аймагы менен Евразия континентин байланыштыруучу бул багыттар Индияга гана эмес, кеңири эл аралык коомчулукка да кенен жол ачат. Чабахардагы порт Афганистан, Борбордук Азия жана Европа менен байланыштыра турган долбоолору менен Индия үчүн стратегиялык жана экономикалык жактан үлкөн мааниге ээ. Саясий, коопсуздук жана географиялык көйгөрлдөн улам Пакистан аркылуу өткөн кургак жол багыты кызыкчылыктардын ишке ашырылышына тоскоол болгону үчүн Чабахардагы порт аталган аймактарга жетүү жагынан мүмкүн болуучу эң бир ыңгайлуу багыт болуп кала берет. Ал эми жогоруда аталган өлкөлөр да Евразия континенти менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.
Эркинбек КАМАЛОВ.