Ноокен районунда 3 мектепте заманбап спорттук зал курулуп пайдаланууга берилди.
Негизги каржы булагы райондук өнүктүрүү фондунан болгон. Залда бардык шарттар түзүлгөн, жылуулук, жуунучу жай, ысык суу жана башка шарттар, спорттук жабдыктар кеңири каралган. Өлкөдөгү жөнөкөй айылдык мекптерде мындай шарт жок экендиги белгилүү. Ачылуу аземинин катышуучулары катардагы шаардык мектептерде да жок шарттар айылда түзүлүп жатат деп кубанышты.
Алсак, №44 Малик Акчабаев атындагы мектебинин спорттук залы 8 миллион 700 миң сомго бүткөрүлгөн. Айыл өкмөттөн 500 миң сом берилип, калганы райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Эске сала кетсек, аталган мектептин курулуш да он жылдай токтоп калып отуруп, 2006-жылы спорттук залы жок эле салынып бүткөн. Ошондон бери зал курууга каржы жок табылбай келди. Кошумчалай кетчү жагдай, аталган мектеп окуучулары 4 чакырым жолду басып, спорттук залга каттоо менен ийгиликтерди жаратып келишкен.
Шайдан айыл өкмөтүндөгү №35 Суеркулов атындагы орто мектебинин спорттук залынан 348 окуучу пайдаланат. Ал 7 миллион 929 миң 275 сомго курулду. Анын 533 миң 296 сомун эл жыйнаса, калган каражат райондук өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүндү. Ал эми 500 окуучу окуган №30 Б.Дамашов мектебинин спорттук залына да жалпы 8 миллион 943 сом коротулуп, анын ичинен 500 миңдейин эл чогулткан.
Жогоруда аталган мектептерде курулганда эле спорттук залы эске алынбай калып кеткен. Өлкөдө мектеп тартышыгынан бүткөрүлүп калгандан кийин спорттук залына каражат бөлдүрүү маселеси жаралган. Ошондуктан Ноокен райондук өнүктүрүү фонду спорттук залы жок мектептердин көйгөйүн чечип берүүгө киришкен. Курулуштардын баары бир учурда башталып, баары окшош бүткөрүлдү.