www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

46 ЖЫЛДАН БЕРИ СПОРТ ЗАЛ ЖОК. ДЕНЕ-ТАРБИЯ САБАГЫН КАНТИП ӨТҮШКӨН?

13.11.2019
0 0
0
SHARES
224
Просмотры
Бөлүшүү

 

Тээ 1973-жылы ашар жолу менен курулган мектеп, бүгүнкү күнгө чейин спорттук залы жок иштеп келген.

Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл өкмөтүндө жайгашкан №30 Байзак Дамашов атындагы орто мектебине заманбап спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жана район акими Эркин Маматаев, жергиликтүү айыл тургундары катышышты.

Спорт залдын курулушунун тендердик наркы 8 миллион 943 миң сомго бааланып, “Нурел-Строй” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Ноокен районунун өнүктүрүү фондунан 7 миллион 713 миң 829 сом бөлүнсө, эл арасынан 493 миң 780 сом чогулган. Ошентип курулуш иштери бир жылда бүткөрүлгөн.

Мектеп директору Медербек Бакиров бул мектеп тарыхындагы орчундуу окуя экенин айтат.

-Окуучулардын да, ата-энелердин да кубанычы койнуна батпай турат. Анткени күн суук болгондо дене-тарбия сабагын класстын ичинде өтүүгө аргасыз болуп келгенбиз. Көбүнчө эле тогуз-коргоол, шахмат оюндары менен чектелип калат элек. Эми бардык шарт жаралгандан кийин грек-рим күрөшү жана башка спорт түрлөрүнөн ийримдерди уюштуруп баштадык. Жакында спорт залга, ийримдерге керектүү 280 миң сомдук жабдыктар келип түшөт, — деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, №30 Б.Дамашов мектебинде 500 окуучу билим алат жана 31 мугалим эмгектенет.

 

Мурдагы пост

ҮЧ МЕКТЕПТИН СПОРТТУК ЗАЛЫ 24 МИЛЛИОН СОМДУ ЧАПЧЫДЫ (ФОТО-РЕПОРТАЖ)

Кийинки пост

СУЗАКТА ДАГЫ БИР ЖАСАЛМА ПАСПОРТ БЕРҮҮ КЫЛМЫШЫ АЧЫККА ЧЫКТЫ

Кийинки пост
ТЕРРОРЧУЛУК ҮЧҮН СОТТОЛГОНДОР ЖАРАНДЫКТАН АЙРЫЛЫШАБЫ?

СУЗАКТА ДАГЫ БИР ЖАСАЛМА ПАСПОРТ БЕРҮҮ КЫЛМЫШЫ АЧЫККА ЧЫКТЫ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In