www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

БУУ: АЗЫК-ТҮЛҮК СЕКТОРУ АЗЫРААК ЖАБЫР ТАРТТЫ

14.06.2020
0 0
0
SHARES
116
Просмотры
Бөлүшүү

Пандемия убагында дүйнөлүк агроазык-түлүк сектору башка тармактарга караганда азыраак зыянга учурады, бирок кантсе да жоготуулар болбой койгон жок. Эми керектөө рыногундагы абалды жөнгө салуу үчүн дагы бир нече айлар талап кылынат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму даярдаган докладда айтылат.

COVID-19 пандемиясына карабастан 2020-жылы дүйнөлүк дан өндүрүүнүн масштабы өткөн жылдын рекорддук деңгээлинен 2,6 пайызга ашып түштү. Буюрса 2020-2021-жылдардагы дан сатуунун көлөмү 433 миллион тоннаны түзөт жана өткөн жылга салыштырмалуу 2,2 пайызга өсөт.

Бирок эт өндүрүү бир аз – 1,7 пайызга азаят. Бул мал жандыктарынын арасындагы ылаңдарга жана продукция жөнөтүү менен сатуу системасындагы кыйынчылыктарга байланыштуу. Деген менен, эттин баасы 2020-жылдын январынан тарта 8,6 пайызга төмөндөдү. Айрыкча койдун, канаттуулардын жана чочконун эти кыйла арзандады.

Пандемиянын запкысын көбүрөөк деңиз продуктылары тартып калды. Бүгүнкү күндө балык уулоочу көптөгөн кемелер токтоп турат, балыкты жасалма жол менен багып өстүрүүчү фермаларда өндүрүш көлөмү да төмөндөп кетти. Алар продукциясын кайда жана кимге сатарын билбей турушат, анткени ресторандар иштебей, чек аралар да жабык турганы маалым. Анысы аз келгенсип, акыркы айларда деңиз продукцияларына болгон керектөө сээлдей түштү, себеби кардарлардын көбү жумуш ордун жоготуп, сатып алууга чамасы келбей калды. Бирок, сүт жана кант маселесинде өзгөчө кыйынчылык деле күтүлбөйт экен.

Эксперттердин баамында, агроазык-түлүк сектору 2007-2008-жылдардагы глобалдуу кризим учурундагыга караганда азыркы кыйынчылыктардан оңой чыгып кете алат. Быйылкы жылга карата өлкөлөрдө продукциянын кору жетиштүү, ал эми алардын баалары салыштырмалуу төмөн.

Мурдагы пост

Абдулазиз хожи ЗАКИРОВ: «МАСЖИДЛАРДА ФУҚАРОЛАРИМИЗНИНГ ХАВФСИЗЛИГИНИ ТАЪМИНЛАЙМИЗ”

Кийинки пост

БАЛДАРДЫН ЭМГЕГИН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО КҮЧӨП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ

Кийинки пост
БАЛДАРДЫН ЭМГЕГИН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО КҮЧӨП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ

БАЛДАРДЫН ЭМГЕГИН ЭКСПЛУАТАЦИЯЛОО КҮЧӨП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In