Улуу Британиянын жалпы аймагында жашаган мусулман тектүүлөрдүн саны 3 миллиондон ашып кетти. Бул тууралуу The Sun гезити жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, Улуу Британиядагы мусулмандардын санынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен өсүп кеткендиги өлкөнүн улуттук статистика бюросунун маалыматтары менен тастыкталган. Лондондун айрым аймактарында жашаган мусулмандардын саны калктын жалпы санынын 50 пайызынан ашкан, эгер ушундай тенденция сакталып тура берсе, анда алдыдагы он жылдыкта ал аймактардагы мусулмандардын саны деги эле көпчүлүктү түзүп калат.
Расмий маалыматтар боюнча, Англиянын, Шотландиянын жана Уэльстин аймагындагы мусулман калкынын саны 3 миллион 363 миң 210 адамды түзөт. Башкача айтканда, өлкөнүн жалпы калкынын 5,9 пайызына барабар. Ал эми 2018-жылы Лондондо 1,26 миллион мусулмандар жашап турушкан, бул өлкөнүн баш калаасынын калкынын 14,2 пайызын түзөт. Эсеп боюнча мусулмандардын саны өсүп отурганы менен христандардын жана сикхилердин саны азайып ке