Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков соттордун мыйзамдуу жана адилеттүү иштешин талап кылып келет, бирок анын талаптарынан азырынча көп нерсе өзгөрө элек. Дагы эле сот адилетсиздиги күчүндө. Ошол эле кезде мамлекеттик аппараттын сот иштерине кийлигишпеси тууралуу да айтылып келет, бирок ал айтылган кептер иш жүзүндө көрүнө элек. “Баягы-баягы, койчумандын таягы” деген кеп.
Буга таасын мисалды Жалал-Абад шаарындагы “Арстанбап” жоопкерчилиги чектелген коомуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы аткаминерлердин мамилесинен келтирүүгө болот. Мамлекеттик кызматта тургандар соттук иштерге кантип кийлигишери да ушундан көрүнөт. Өзүңүз күбө болуңуз.
Ишкер менен бийликтин жаңжалы
Тээ 1996-жылы 22-августта Жалал-Абад шаардык мамлекеттик администрациясы №476 токтому менен “Арстанбап” жоопкерчилиги чектелген коомуна (ЖЧК) 4 гектар жер тилкесин бөлүп берген. Бул жер тилкеси шаардын чыгыш өнөр жай зонасында илтертен эле таштандылар үйүлүп, камыш баскан, келемиштердин мекени болгон, киши көңүл бурбаган ээн аймак эле. Аны шаар бийлиги токтомунда “мусоросвалка” деп көрсөткөн.
Бирок, кийин шаар бийлиги жерди кайра алгысы келет да, шаардык мамлекеттик администрация 2001-жылдын 20-мартында №98 токтому менен жогоруда аталган №476 токтомун өзү жокко чыгарып, анан 2009-жылдын 6-апрелиндеги №396 токтому менен 8 гектар жер тилкесин башка субъектке 49 жылдык ижарага берип жиберген. Ал 8 гектар жер тилкесинин ичинде жогоруда сөз кылган 4 гектар жер да бар эле.
Чынында шаар бийлиги мыйзам боюнча өзү чыгарган токтомдорду өзү жокко чыгара албайт жана мыйзамсыз кайра алынган жерди башка субъектке да мыйзамдарды одоно бузуу менен бере албайт. “Арстанбап” ЖЧКсы сотко доо арыз менен кайрылат да, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2017-жылдын 22-февралындагы чечими менен 2009-жылдын 6-апрелиндеги №396 токтом 4 гектар тилкеси боюнча жараксыз деп табылган. Бул чечим кийин областтык сот тарабынан өзгөртүүсүз калтырылып, мыйзамдуу күчүнө кирген.
Бирок, Жалал-Абад шаарынын мэриясы буга каршы активдүү аракеттерди баштайт да, шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан апелляциялык арыз менен сотко кайрылат. Чынында бул мекеме жабырлануучу тарап эмес болчу жана сотко да кайрыла албайт эле. Областтык сот арызды канааттандырган эмес. Ошентип, эми иш Жогорку сотко кетет.
Чиновниктер сотко кантип кийлигишти?
Сот аркылуу иштин чечилишине көзү жетпеген окшойт, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өзү киришет. Ал Жогорку сотто ишти кароонун алдынан президент С. Жээнбековго 2018-жылдын 19-сентябрында бул соттук кароону оң чечүү максатында кат жазып кайрылат. Бул каттын негизинде президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы С. Исабаев Жогорку соттун төрайымы Г. Калиевага 2018-жылы 8-октябрда кат жолдоп, М. Тагаевдин президентке жазган катын тиркеп жөнөткөн. Г. Калиева болсо, бул катты сотто каралып жаткан административдик ишке тиркеп койгон. Демек, ал сотто тийиштүү чечим чыгарууга көрсөтмө катары тиркелгенби? – деген суроо туулат.
Деген менен, президенттик аппараттын бөлүм башчысы С. Исабаев Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаевдин катына жооп берип, ага мындай маселелер менен президенттин аппаратына эмес, сотко кайрылууну, бардык маселелерди сот чечерин, президент жана президенттик аппарат сотко кийлигишпей турганын билдириши керек эле. Жогорку сотко М. Тагаевдин катын тиркеп, ишти маңызында кароону сунуштабашы керек болчу. Бул деген кыйыр кийлигишүүнү түшүндүрөт.
Ошентип, Жогорку сот Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын пайдасына чечим чыгарды. Областтык сот дагы 1-инстанциядагы соттун чечимин бузуп, кайра кароого жөнөткөн. Ал эми мурда ишти “Арстанбап” ЖЧКсынын пайдасына чечкен биринчи инстанциядагы сот ишти шаар мэриясынын пайдасына чечип берди.
“Арстанбап” ЖЧКсынын президенти Эркин Бегимкуловдун айтымында, Жогорку сот алардын жүйөлөрүнө такыр көңүл бурбай койгон. “Биз Зеленхоздун колунда жерге ээлик кылуу үчүн юридикалык күчкө ээ болгон укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу бир дагы документинин жоктугун какшап айтып турсак да ага көңүл бурулбады. Жогорку сот Жалал-Абад областтык сотунун чечимин жокко чыгарып, өтүп кеткен апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирип, ишти кайрадан кароо үчүн ошол эле сотко жөнөттү. Президенттик аппараттан жөнөтүлгөн расмий каттын шарапаты менен бул иш адилетсиз чечилди” – дейт ал.
“Арстанбап” ЖЧКсынын президенти Эркин Бегимкулов да соттук маселелердеги президенттик аппараттын күчүн сынап көргүсү келет. Ал КР президенти С. Жээнбековго соттор мыйзамсыз, адилетсиз чечим чыгарып жатканын жазып, атайын кайрылуу жолдойт. Анда ошол каттын көчүрмөсүн Жогорку соттун төрайымы Г. Калиевага жолдоп коюуну өтүнөт. Бирок, иш Э. Бегимкулов каалагандай болбоду: президенттик аппараттын бөлүм башчысы С. Исабаев ал каттын көчүрмөсүн бир жарым айдан кийин, иш Жогорку сотто каралгандан үч күндөн кийин – 2019-жылдын 22-мартында жөнөткөн.
Демек, жогорку фактылардан улам, президенттик аппараттын бөлүм башчысы С. Исабаевдин бул соттук кароодо кызыкчылыгы болгон деп жыйынтык чыгарса болобу?
Демек, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин каты Жогорку сотко ишти кароонун алдынан жөнөтүлгөнүн анын өлкө президентине кудачылыгы барлыгы менен түшүндүрсө болобу?
Демек, Э. Бегимкуловдун каты, өтүнүчү бир жарым ай президенттик аппаратта жатып, иш Жогорку сотто каралгандан кийин гана жөнөтүлүшү анын КР жараны катары эч ким эместигинен кабар берип турабы?
Корутунду
Соттордун президенттик бийликтен көз каранды болуп келатканына өлкө букаралары гана эмес, бүткүл дүйнө ишенген. Сот реформасын жүргүзөбүз деп Убактылуу өкмөттүн башында турган Роза Отунбаева өзү баш болуп соттордон ымтыкан алышкан. Алты жыл президенттик тактыдан отурган Алмазбек Атамбаев реформа жүргүздүк, соттор көз карандысыз болду деди. Ошол эле көз карандысыз соттор Кыргызстанга башы көрүнгөн саясатчыларды кантип түрмөгө тыкканын элдин баары, бүткүл дүйнө көрдү.
Азыр да Кыргызстандын жарандары соттордун адилетсиздигинен, адвокаттардын далдалчылыгынан жана алдамчылыгынан, тергөө органдарынын куйту коммерсанттыгынан, прокуратура органдарынын көзөмөлсүздүгүнөн жана бир тараптуулугунан жабыр тартып келатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков соттор менен болгон чоң жыйында Кудайдан коркуу керектигин судьялардын эсине салгандай болду. Бирок, алар капкачан эле Кудайдан да, президенттен да, абийирден да коркпой калышкан. Алар корккон нерсе таптакыр башка. Бирок, дагы эле ушул суроо кайталанат: Кыргызстанда качан сот адилеттүүлүгү орнойт?
P.S. Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен “Арстанбап” ЖЧКсынын ортосундагы жер талаш маселесинде дагы эле кызыктуу нерселер көп, алар тууралуу өзүнчө кеп болот.
Жалил САПАРОВ,
журналист.