www.versia.kg
Понедельник, Июнь 15, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

БАЗАР-КОРГОНДО ЭГИН ЧАБУУ БАШТАЛДЫ

16.06.2020
0 0
80
SHARES
280
Просмотры
Бөлүшүү

Бүгүн, 16-июнь күнү Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында дан эгиндерин чаап-жыйноо өнөктүгү расмий башталып, алты комбайн эгин чабууга киришти. Буюрса быйылкы жылы райондо жалпы 5022 гектардагы дан эгиндери чаап-жыйналмакчы. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Палванов билдирди.

Анын айтымында, район боюнча жалпы 5022 гектар аянтта дан эгиндери болсо, анын 2537 гектары буудай, ал эми 2485 гектары арпа аянттары эсептелет.

-Быйыл биз чаап-жыйноо өнөктүгүн эрте баштадык, 25-июнда башталышы керек эле, бирок эгиндер эрте бышып, убакытты текке кетирбейли дедик. Жалпысынан 38 комбайн даярдалды, алардын 16сы өзүбүздүкү, калган 22си башка жакта келгендер. Ар бир комбайндын бир күндүк жүгү 5 гектарга туура келет, ошондо бардык комбайндар бир күн ичинде 190 гектар аянтты чаап үлгүрүшөт. Биз быйыл чаап-жыйноо өнөктүгүн 25 күндө бүтүрөлү деп жатабыз, – дейт А. Палванов.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бакыт Козуев эгин чаап-жыйнагандар арасында болуп, алардын астейдил аракетине баа берди. Ошондой эле аларга түзүлгөн шарттар менен таанышып, комбайнчылар менен баарлашып кайтты.

-Быйыл биринчилерден болуп эгин чабууну Акман айыл аймагы баштады. Мында жалпы 2134 гектар дан эгилген аянттар болсо, анын 627 гектары буудай, 1507 гектары арпа талаалары. Азыр бул жерде алты комбайн иштеп жатыптыр, иштин темпи кызуу. Буюрса, бышкан эгиндин абалы жаман эмес, түшүм жакшы эле алына тургандай, эми коромжусуз жыйнап алуу башкы милдетибиз, – дейт аким Б. Козуев.

 

Мурдагы пост

БАЗАР-КОРГОН: ТАЛДУУ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ КАТУУ СЫНДАР АЙТЫЛДЫ

Кийинки пост

БАЗАР-КОРГОНДО БЕШ КАБАТТУУ БЕШ ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

Кийинки пост
БАЗАР-КОРГОНДО  БЕШ КАБАТТУУ БЕШ ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

БАЗАР-КОРГОНДО БЕШ КАБАТТУУ БЕШ ҮЙ КУРУЛА БАШТАДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In