Базар-Коргон, ал эле эмес Ноокен районунда сугат суусунун жетишпей жаткандыгы тууралуу өйдө-төмөн кептер жүрөт. Чынында эле эгин талаалары, кожолуктардагы там арка жерлери жайдын ысык аптабында сугат суунун мол болушун талап кылат. Бирок, арыктарда, каналдарда суу аз, эгин талааларында кыйынчылыктар жүз берүүдө. Мунун себептерин, айыл чарбасын, калкты сугат суу менен камсыз кылуу үчүн эмнелер аткарылып жатканын билүү максатында Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Палвановго бир нече суроолор менен кайрылдык.
* * *
-Авазбек мырза, калк арасында сугат суунун жетишпестиги тууралуу кептер арбын экен, кыжаалатчылык болуп жатыптыр. Эмне себептен суу жетишпей жатат? Өткөн жылы мындай көйгөй жок эле го?
-Азыр бизди абдан кыйнап жаткан нерсе ушул – сугат суусунун жетишпей жатканы. Бул кайсы бир уюштуруучулук же башка себептерден улам эмес, табигый себептерден улам болуп жатат. Биз быйылтан баштап кургакчыл мезгилге дуушар болдук. Бул маселе бизде эле болуп жаткан жок, бардык башка аймактарда да ушундай көрүнүш. Ал эми Базар-Коргон районуна келсек, биздин жана кошуна Ноокен районунун эгин талаалары Кара-Үңкүр дарыясынан суу ичет. Адатта бул дарыядан жылына 750-800 миллион кубометр суу агып өтөт, ал эми биз эки кошуна район биригип, жылына 400 миллион кубометр суу алабыз. Ушул суунун көлөмү биздин сугат сууга болгон муктаждыгыбызды азыноолак болсо канааттандырып келген. Тилекке каршы, быйыл дарыяда суунун көлөмү өтө эле аз болууда. Ачык болсун үчүн салыштырып көрөлү: өткөн 2019-жылдын 7-июлунда дарыядан секундасына 44 кубометр суу аккан болсо, быйылкы 7-июль күнү 18,5 кубометр гана суу акты. Айырма өтө чоң, былтыркы суунун көлөмүнүн 42 пайызы гана агып жатат, муктаждыктын жарымына да туура келбейт. Суунун тартыштыгынын себеби ушунда, эки-үч жылдан бери жаан-чачындын аздыгы ушуга алып келди.
-Чынында акыбал кыйын экен, табията деген табият да. Азыркы кезде сиздерге канча суу жетпей калып жатат?
-Бизде көп жылдык байкоолор бар, жыл сайын бул маселеге байкоо салып келебиз. Ошол байкоо-маалыматтарга таянсак, суунун негизги жетишсиздиги суу тартыш болгон кургакчыл жылдарда июнь айынын үчүнчү он күндүгүнөн сентябрь айынын биринчи он күндүгүнө чейин созулат. Ушул мезгил ичинде суунун жетишсиздигинин көлөмү 130 миллион кубометрге жетет. Быйыл да ушундай кургакчыл мезгил башталып, ушундай суу таңкыстыгына кептелдик.
-Ушундай кыйын шартта элдин түйшүгүн азайтуу үчүн жергиликтүү бийликтер, сиз башкарган мекеме эмне чара көрүп жатасыздар? Бирдеме жасаш керек го?
-Албетте, биз колубузду жайып отуруп калган жокпуз, аракетибизди жасап жатабыз. Ансыз дыйкандарыбыз кыйналат, эртеңки ырыскыбыз түгөл болсо дейбиз да. Азыр эки райондун мамлекеттик администрациялары, агрардык өнүктүрүү башкармалыктары, суу чарба башкармалары, суу пайдалануучулар ассоциациялары өз ара сүйлөшүп, кезектешип, график менен сугаруу жолуна өткөнбүз. Айрыкча түнкү сугат ыкмасы кеңири колдонулуп жатат, бул натыйжалуу ыкма. Эки райондо да артезиандык скважиналарды оңдоп-түзөп, бачым ишке киргизүү, элге тезинен жардам берүү жагы айыл өкмөттөрүнө тапшырылган. Алар да аракетин жасоодо. Кандай да болбосун биз колдогу сугат сууну ыктуу, натыйжалуу пайдаланып, бул кыйынчылыктан чыгып кетишибиз керек, ансыз болбойт.
-Баса, сиз Кара-Үңкүр дарыясы тууралуу айттыңыз. Бирок, Базар-Коргон жана Ноокен райондору Кара-Дарыя суусунан да суу ичет го. Ал жактан суу келбей жатабы?
-Туура суроо болду. Ырас, Кара-Дарыя суусунан аталган эки райондун эгин талааларына “Кара-Дарыя кошумча суу берүүчү каналы” аркылуу суу келет. Суу Сузак районунун Кара-Дарыя айылынан канал менен агып, биз жакка өтөт. Каналга суу Кара-Дарыядан алынат, демек, Кара-Дарыядан да мурдагыдай көлөмдө суу агып жаткан болсо. Тилекке каршы, азыр Кара-Дарыяда да суу аз, себеби Кампыр-Абад суу сактагычынан ылдый биз жакка суу берилбей калууда. Ал эми Кара-Дарыяга куйган Көк-Арт дарыясынан да суу өтө аз агып жатат. Ал жактагы акыбал да жакшы эмес. Азыр Кара-Дарыяда жерден чыккан ийме суулар агууда. Каналга да ошол жерден чыккан ийме суулар топтолуп, агып жатат, бирок көлөмү аз. Ошондуктан эгин талааларыбыз сугат сууга жарыбай, өксүк болууда.
-Анда каналдан суу ичкен Сейдикум аймагы суусуз калабы?
-Жок, такыр суусуз калбайт, буга жол бербейбиз, албетте. Азыр Сейдикум айыл аймагындагы 4 скважинанын 3 скважинасы суу берип жатат. Бир скважинаны “Бай-Дыйкан” борбору бир жуманын ичинде ишке киргизип берүүгө убада кылды. Буюрса, ошол скважиналардан чыккан сууну үнөмдүү, ыктуу, натыйжалуу пайдалануу менен абалды сактап калса болот.
-Канткен менен кыйынчылык олуттуу экен. Бизде ирригациялык ири долбоорлор керек окшойт.
-Албетте, ирригациялык маселелерди чечүү керек. Буга көп каражаттарды тартуу зарыл. Албетте, биз бул багытта иштейбиз, анткени биздин район — негизинен айыл чарбалуу аймак, ошондуктан дыйкандарыбызга жакшы шарт түзмөйүн өнүгүшүбүз кыйын.
Жалил САПАРОВ, журналист.
Сүрөттөрдө: Кара-Үңкүр дарыясында суу өтө аз.