Жаш балдардын укуктарын камсыз кылуу жана аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү убагында берүү боюнча Жалал-Абад областындагы бир катар район-шаарларда абал жакшы эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын областтагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Алынган маалыматка караганда, Акыйкатчынын областтагы өкүлчүлүгү Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы абалга мониторинг жүргүзгөндө жергиликтүү бийликтер тарабынан кетирилген бир катар кемчиликтер байкалган. Мисалы, Ноокен районунда быйылкы жылдын 1-июлуна карата 57 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган. Бирок, азыркы учурга чейин алардын бешөө гана күбөлүк алса, калгандары ар кандай шылтоолор менен алышкан эмес. Ноокен райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүндө 52 баланын тиешелүү документтери жоктугун бетке кармашкан.
Ал эми Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгындагы үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан турмуш шарты оор болгон 57 баланы каттоого алып, жеке иш жүргүзүүдө. Бирок, мониторинг учурунда аныкталгандай, каттоодо 57 бала көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө журналга катталган балдардын саны 83 экени аныкталган. Балдар менен жеке иштөөгө бйланышкан тийиштүү документтер менен таанышууга да мүмкүн болбогон, себеби бөлүмдөн таппай коюшкан.
Ушундай эле абал Базар-Коргон районунда да орун алган. Быйылкы 1-сентябрга карата 81 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган. Алардан ушуга чейин 6 баланын гана документтери толукталып, күбөлүк берилген. Ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүндө 67 бала каттоого алынганы, андан тышкары 49 тоголок жетим балдар болуп, алар менен иштеп жатышканы сурамжылоодо аныкталган. Бирок, балдарды каттаган журнал жок болуп чыккан. Документ жүргүзүу жагынан кемчиликтер көп.
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясында да бир катар кемчиликтер орун алганы мониторинг учурунда аныкталды.
Жогорудагылардан улам КР Акыйкатчысынын областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыял Токтобаева КР өкмөтүнүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге жергиликтүү бийликтер тарабынан балдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча ишин көзөмөлгө алуу жана тийиштүү кызматкерлерге карата тартиптик чара көрүү жагын сунуш кылуу менен көңүл буруу актысын жөнөттү.