Базар-Коргон районунда заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Мындай борбор санариптештирүү жылына карата бардык райондордо уюштурулушу керек. Област борборлорун, айрым шаарларды эске албаганда, мындай борбор азырынча республика боюнча бир эле аталган райондо пайда болду.
Буга чейин Базар-Коргон паспорт столунун жада калса өз имараты болгон эмес, ар кайсы мекемелердин бир бөлүгүнөн орун алып, бөлмөлөрдүн тардыгынан кезек күткөндөр арбын тейлөө сапаты начар болуп келген.
-Акыркы жолу салык кызматынын экинчи кабатында отурдук. Бул жер Кадыржан Батыровдун үйү эле, кийин “Аталар чайханасы” болуп иштеп келген. Мамлекетке, “Элдик” ишканасына өткөндөн кийин ээн калып, каралбай жаткан. Мен өзүм ишканадан такташтырып, мыйзам чегинде биротоло өзүбүзгө өткөрүп алып, калкты тейлөө борборуна айланттык. Мурда күнүнө 100-150 жаранга кызмат көрсөтүп келсек, эми күнүнө 300дөн 500гө чейинки жарандарды кабыл алууга жетишип жатабыз, – дейт Базар-Коргон райондук Калкты тейлөө борборунун жетекчиси Асыл Токоев.
Мурдагыдан айырмачылыктарына токтоло кетсек, ар бир тейлөө бөлүмүнө электрондук кезек коюлган. Жумуш орундары да көбөйүп, атайын маалыматтык бөлүм уюштурулган. Ал жерден жарандар документтерин толуктай алышат. Күтүү залы уюштурулуп, кезекте тургандарга орундуктар коюлган. Мурда паспорт берүүчү 4-5 оператор иштесе, учурда 12 оператор иштеп, ар биринин иши видеокөзөмөлгө алынган. Ал аркылуу келген клиенттерге канча убакытта кызмат көрсөткөндүгү жетекчилик тарабынан тыкыр байкоого алынышы керек. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелгендер, кары-картаңдарга кызмат көрсөтүү үчүн атайын унаа уюштурулган.
Белгилей кетсек, заманбап тейлөө борборун уюштурууга имаратын оңдоп түзөө үчүн 2 миллион 600 миң сом каражат кеткен.