Кара-Кулжа районунун эң эле кооз аймагында жайланышкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу Кыргыз Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-августундагы №598-токтомуна ылайык түзүлгөн. Бул мааниси абдан чоң корукту республикабыздын Жаратылышты коргоо боюнча эмгек сиңирген ишмери Асан БОРОМБАЕВ зор мээнет менен түптөп, ошондон бери үзгүлтүксүз дагы жетектеп келатат. ОшТУнун ардактуу профессору өзү негиздеген өлкөбүздөгү жападан жалгыз Табигый парктын ичинде аны кепке тарттык.
— Асан мырза, Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругу кандай максатта жана кимдердин демилгеси аркасында түптөлдү эле?
— Мен тээ СССР мезгилинде – улуу империянын тушунда союздук республиканын бири болуп эсептелген Украинадагы токой чарбасы академиясын 1991-жылы ийгиликтүү аяктап, ата-журтума кайтып келгемин. Тагдыр экен, ошогездеги Совет (азыркы Кара-Кулжа) райондук токой чарбасын дээрлик он төрт жыл бою жетектедим. Ал эми 2004-жылдан бери ошогездеги Токой чарбасы агенттигинин төрагасы Туратбек Мусуркуловдун түздөн-түз колдоосу аркасында өзүм жеке демилгелеп, тушоосун кескен Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун башкарып келатам.
— Өзү коруктун жалпы аянты канча гектарды ээлейт? Анан дагы көбүнесе аймакты кайсыл жаныбарлар жана канаттуулар байырлашат?
— Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянты 27 миң 434,2 гектар. Бул аймак эки чоң токойдон куралган. Биринчиси – Кулун-Ата токой чарбасы, 21 миң 434,5 гектар. Ал эми экинчиси – Тоң-Зоо токою, аянты 6 миң 7 гектар. Булардын арасынан дагы 24 миң 549 гектар нукура корук бар. Ал эми 327 гектары тыкыр коргоого алынган токой. Дагы 1101 гектары – буфердик өзгөчө аймак.
— Баса, ушундай керемет жерлерди негизинен кайсыл жан-жаныбарлар жана куш-канаттуулар байырлашат?
— Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна таандык 27 миң 334 гектар аянтты жүздөгөн түрлүү жан-жаныбарлар жана канаттуулар туруктуу байырлап келатат. Маселен, 8 илбирс, 30 улар, 1500 чакты тоо теке-эчки, сүлөөсүн, аюулар беймарал жойлоп жүрүшөт.
Эң эле таңкалычтуусу, аюу суур жейт. Карагат жана чөп менен дагы тамактанат. Бул жаныбар таптакыр ач калганда, кээ-кээде айылдагы короолорго түз эле кирип, торпок жана койлорго кол салышат. Анан дагы кыштактардын четиндеги бал челектерден кадимкидей асел жешет.
— Ошентсе да булардын коопсуздугун күн сайын кантип камсыз этип келатасыздар?
— Биз буларды — эгерлерди эң акыркы үлгүдөгү заманбап рация каражаттары менен толук кандуу камсыз эткенбиз. Баары тең жөө-жалаңдап жүрбөстөн, кадимкидей ат дагы минишет. А мындай мүмкүнчүлүк, айтып коюуга тийишмин, дегеле Кыргызстандын башка аймактарында таптакыр жок.
— Бир ыңгай сыз суроо бар. “Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда Асан Боромбаев, анын тууган-уруктары жана тааныш-тунуштары гана өздөрүнө абдан ыңгайлуу шарттарда мергенчилик кылышып, кайран табиятыбызды чекесинен бүлүндүрүп жатышат” дегендерге айтаар жообуңуз бардыр?
— Мындай дооматтар менен айрым кишилер үч ирет жогорку органдарга даттанышты. Баарын тең тиешелүү кызматтар тыкыр иликтешти, жумушумду кылдат текшеришкендер менин ишимден, жүрүм-турумумдан жана адамдарга мамилемден эч кынтык, илинчек таба алышкан жок.
— Асан мырза, биз билгенден сиз Кыргызстандагы тажрыйбалуу жана дасыккан токойчу сыңары Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун келечегин эмнеден көрүсүз?
— Биздин аймак — туризмге өтө эле ыңгайлуу аймак. Ошону үчүн Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун башкы кеңсесинде Жаратылыш паркын уюштурганбыз. Мында кадимки жан-жаныбарлар, канаттуулар катырылып коюлган. Муну кудум ушундай бир калыпта бузбастан кармоого чоң каражат сарптадык. Мунун бүтүндүй чыгамдарын чет өлкөлүк донорлор – Эл аралык уюмдар көтөрүп жатышат. Биздин мындай аракетибиз, буюрса, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна бара-бара ички жана чет элдик туристтерди арбын тартууга, Кыргыз өкмөтүнүн атайын уруксатынын негизинде мергенчилик – аңчылык кылууга дагы чоң өбөлгө жаратмакчы. Албетте, бул аркылуу мамлекетибиздин казынасына дагы дурус каражаттар түшүп тураары шексиз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.