Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан ишкерлер үстөк пайызы аз насыяга жетпей жатышат. Анткени алар күрөөгө коёр мүлкү жоктугунан же аздыгынан өнүгүп кетүү үчүн насыя ала албай көздөрү чачырайт. Ошол себептүү да Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун айыл чарба жана өнөр жай тармагына бөлүнгөн арзан насыяларынын 3 гана пайызын Жалал-Абад облусунун ишкерлери алышары КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөн жыйында айтылды. Мындай абалда аймактар кантип өнүгөрү белгисиз дешет ишкерлер.
Жыйында насыя берүүчү банктар менен ишкерлер өз ара пайда болуп жаткан маселелерди талкуулашып, көйгөйлөрдү ортого салышты. Айрым ишкерлер айланма каражаттарынын жана колдогу мүлктөрүнүн жетишсиздигинен арзан насыяга жетпей келе жатышканын билдиришти. Мисалы, Токтогул районунан келген ишкер болгону 20 адам иштеген жалгыз шагыл майдалоочу ишкананын техникалары эскиргенин, андан ары иштетүүгө болбой калганын айтат. Наркы миллион сомдук насыяга өтө зарыл техника алыш үчүн күрөөгө ошондой суммадагы мүлк керек. Бир дагы банк күрөөсүз насыя бербейт.
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду былтыркы жылдан бери ишкерлердин наркы 200 миң сомдон жогору болгон долбоорлоруна үстөгү 4 пайыздан 7 пайызга чейинки насыяларды берип келет. Бирок, андай аз үстөктүү насыялар областтагы бардык эле ишкерлерге буюрган жок.
Өкмөт аймактарды жана тармактарды жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу аракетинде. Бирок, насыялар тууралуу маалымат таркатуу жакшы эместигине ишкерлер нааразы. Анан калса, кагаз-документтердин түйшүгү да көп ишкерлердин кендирин кесип жатканы анык.
Жалал-Абад областынын жетекчилигинде өткөн жыйында ишкерлердин Улуттук банктын өкүлдөрүнө нааразычылыктар да, суроолор да көп болду. Ошол себептүү да банк кызматкерлери менен ишкерлердин диалогун райондордо өткөрүү жагы район акимдерине тапшырылды.