Кыргызстанды, анын ичинен Жалал-Абад областын туристтер байма-бай каттаган аймакка айландыруу кыялы ар бирибизде бар, бирок ошого жараша аракеттер баарыбызда барбы? Жакшы идеялар, долбоорлор болушу мүмкүн, бирок аларды ишке ашыруунун реалдуу кадамдарды болуп жатабы? Аны айтыш кыйын. Бирок, айыл жерлеринде өзүнүн жасаган иши, жакшы аракеттери менен буга жетишип жаткан карапайым атуулдарыбыз арбын.
Анан калса, өлкөдөгү жумушсуздук, тышка агылган миграция тууралуу арманыбызды айтсак, сындасак жаныбызда эч ким тура албайт. Деген менен,аймактарыбызда акчасы боло туруп айылдыктарга жумуш бере албаган, карапайым калктын жашоосун ишенимдүү улап кетүүгө шарт түзө албаган атуулдарды да билебиз. А бирок, миллиондогон акчасы жок, а түгүл ден соолугунан улам башкаларга окшоп айды чапчыганга амалы жок атуулдарыбыз арасында келечекке ишенимдүү кадам таштап, башкаларга үлгү болгондор бар.
Мисалы, ушундай атуулдардын арасында айылдык Турдукан Майрамбекова да бар. Ал өз алдынча кол өнөрчүлүк менен алектенип, бүгүнкү күндө айына 50-60 миң сом киреше табат. Өзүнүн үлгүсүн башкаларга да таркатып, айылдагы кыз-келиндерди тигүүчүлүккө үйрөтүп, аларды да жумуш менен камсыз кылган. Кантсе да айыл жери колунан келген уздардын аймагы эмеспи. Турдукандын өрнөгүн алган айылдык кыз-келиндер да бош убактысын текке кетирбей, пайдалуу өткөрүүгө далалаттары зор.
Биз сөз кылган Турдукан Майрамбекова 1984-жылы Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында туулган. Кийин, 1997-жылы шамалдап ооруп калып, ооруканага барган. Ооруканадагы дарыгерлердин шалаакылыгынан, кайдыгерлигинен улам буту баспай калган. Бирок, Турдукан тагдырдын мындай оор сыноосунан улам чөгүп, отуруп калган жок. Ал өзүнүн ички дараметин, ой-кыялдарын ишке ашырууга, өз бактысын пайдалуу иштерден табууга аракет кылды. Ары ойлоп-бери ойлоп, кол өнөрчүлүктү колго алды да, ушул ишти өнүктүрүү, андан киреше табуу, жашоосун жакшыртуу аракетин көрдү. Тилекке каршы, айыл жерлеринде кол өнөрчүлүктү жайылтуу, айылдыктарга практикалык колдоо көрсөтүү жагынан уюмдар же борборлор жоктугунан ал атайын адистерден да билим, тажрыйба алган жок. Элге эмнени тигип тартуулашты, даяр буюмдарды кантип сатууну, башкаларды бул ишке кантип кызыктырууну өз алдынча ойлонуп, өз алдынча аракет жасап жүрдү. Бирин-экин тигилген курак кийимдери көбөйүп, бара-бара кардарлардын кызыгуусу артты. Алгачкы кирешелер кийинки аракеттерине колдоо болуп, анын бул баштаган иши чаканбизнеске айланып кеткенин өзү да байкабай калды.
Турдукан Майрамбекова бүгүнкү күндө кыз-келиндердин себин даярдап, алар үчүн жууркан-төшөктөрдү тигет. Андан сырткары, кыргыз орнаменттери түшүрүлгөн кийимдерди да буйрутма менен даярдап берет. Ал акыркы мезгилдерде кийизден жасалган сувенирлерге жана кийимдерге маани берип, ал буюмдар чет элден келген туристтердин да кызыгуусунун арттырууда. Ошентип, өз айылында Турдукан туримзди өнүктүрүүгө да өз салымын кошуп жатат десек болот.
Т. Майрамбекова өзүнүн ишин жолго коюп алды, азыноолак киреше таап да жатат. Ал ушуга каниет кылып, башка түйшүккө кол урбаса деле болот болчу. Бирок, ал айыл-ападагы жумушсуз отурган, киреше тапкысы келген, колунан иш келген кыз-келиндерди да ойлобой коё албады. Чынында, кол өнөрчүлүккө кызыгып, аны үйрөнгүсү келген кыз-келиндер бир гана өзү жашаган Өрүктү айылында эмес, Ала-Бука районунун башка айылдарында да көп экен. Алар Турдукандын атын алыстан угуп, атайын келишип, андан тигүүчүлүктүн сырларын үйрөнүшөт. Уйрөнүп кетишкен соң, өз айылдарында алар да ушундай эле багытта иш жүргүзүүнү каалашат. Турдукан да өзүнүн билимин, тажрыйбасын башкалардан аябайт, кол өнөрчүлүккө кызыккан кыз-келиндерге өзүндөгү топтолгон тажрыйбаны бергиси келет. Бир гана өкүнгөн жери – анын айылдагы үйүнө үйрөнгүсү келген кыз-келиндердин баары батпайт. Атайын жабдылган, октуу үчүн ыңгайлаштырылган окуу бөлмөлөрү болсо, сонун болмок.
Ошентип, алыскы Ала-Бука аймагында өз демилгелүү атуулдар өз тажрыйбаларын башкаларга таркатып, айылдык ишкерликтин бир багытын өнүктүрүп жатышат. Мунун таасын мисалы ушул Турдукан Майрамбекованын аракетинен көрдүк. Эми буюрса ушундай активдүү социалдык позициясы бар, өзүнүн, айылынын аздап болсо да өнүгүшүнө салым кошо ала турган жарандарыбыз көп болсо, келечек да ишенимдүү боло берет.
Эскерте кетсек, Т. Майрамбекова жашаган Өрүктү айыл өкмөтүндө 18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 40ка жетет. Ал эми 18 жаштан жогорку майыптардын саны 152ни түзөт. Албетте, алардын социалдык абалынын жакшырышына айыл жана район бийликтери ар тараптуу колдоо, камкордуктарын көрөт деген ишеним бар.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.