АКШдагы ипотека боюнча карыздардын көлөмү 2008-жылдагы каржылык кризис убагынан берки эң жогорку рекордду койду. Бул тууралуу Нью-Йорктун федералдык резерв банкы билдиргенинРИА Новости жазып чыкты.
Аталган банктын сайтындагы маалыматка караганда, быйылкы экинчи кварталда ипотека карыздарынын көлөмү 162 миллиард долларга көбөйүп, жалпы 9,4 триллион долларга жеткен. Бул 2008-жылдагы кризис учурундагы үчүнчү кварталда коюлган 9,3 триллион доллар рекорддон да ашып кетти.
Ипотека карыздары – АКШдагы ички карыздардын ири бөлүгү. Өлкөдө быйылкы жылдын экинчи кварталында ипотека карыздарын берүү көлөмү 130 миллиард долларга өсүп, жалпы 474 миллиард долларды түздү. Бул болсо, 2017-жылдан берки эң жогорку деңгээл эсептелет.
Деген менен,Wall Street Journal гезити билдиргендей, быйылкы карыздардын 2008-жылдагыдан кыйла айырмачылыгы бар. Мисалы, карыз берүү шарттары мурдагыдан татаалдашып, карыздарды төлөй албай калуу учурлары дээрлик жокко эсе.