Фестиваль жыйынтыгы
Базар-Коргон районунда айрым жамааттар жылына миллиондогон кирешелерди таап, кадимки эле айылдык жашоо, тирилик, аракет менен ушундай олчойгон киреше тапса болорун далилдеп жатышат. Кантсе да бүгүнкү кырдаалда умтулган, аракет кылган, изденип жолун тапкан ар бир киши өзүнүн гана эмес, башкалардын да оокатын оңдоп кетери талашсыз нерсе экен.
Өткөн жылы ноябрь айында Базар-Коргон районунда GIZ (Германиянын эл аралык кызмаштташтык коому) тарабынан уюштурулган “Жаңгак фестивалында” ошол айылдык карапайым кишилер, жамааттар кантип ийгиликтерге жетишип жатканынын мисалдары айкын болду.
А чынында фестивалда айылдык карапайым эле жарандарыбыз, жамааттар инновациялык аракеттердин аркасында сонун иштерди жасап жатышканы маалым болбодубу…
Инновациялык күн кургаткыч
Базар-Коргон районунун Каба айылында жашаган калк тоодо өскөн мөмө-жемиштерди, пайдалуу дарылык чөптөрдү ыктуу пайдаланып, жакшы кирешелерди тапса болорлугу да ошол фестивалда көрүндү. Мисалы, айылда мөмө-жемиштерди, жыгачтан башка токой продукцияларын чогултуу жана кургатуу менен алектенген сегиз топ иштеп келген экен. Ошол Каба айылындагы ишкер, сегиз топтун биринин лидери Рано Чекирова да ушундай иштер менен алек болуп келди. Чогулткан продукцияларды айылдыктар тамдын чатырына жайып, күнгө кургатчу, анан аны сатуу аркылуу киреше таап келишкен.
Бирок, жогоруда аталган Германиянын эл аралык кызмаштташтык коому аларга токой продукцияларын кургатуунун жаңы инновациялык усулун сунуш кылгандан кийин айылдык ишкерлердин абалы жакшы жагына өзгөрдү. Рано Чекированын айтымында, күндөрдүн биринде айылга кыргыз-герман долбоорунун адистери келип, ага жана жамаатка баары колдоно ала турган күн кургаткычты орнотууну сунушташат. Р. Чекировадан мөмө-жемишти чоң көлөмдө кургатуу үчүн аял-эркектерди кургатуу тобуна бириктире аларын сурашканда ал: “Кабатыр болбоңуз, менин чатырым кенен! Орун бар, баарына орун жетет!» — дейт. Ошентип алар инновациялык күн кургаткычтарга ээ болушат.
Күн кургаткыч айылдыктардын ишин жеңилдетти. Күн кургаткыч электр кубатына да туташтырылгандыктан, мөмө-жемиштерди кургатууга кеткен убакыт кыскартып, мурдатан жасалып келген иш процесси жөнөкөйлөштү. Айылдыктар ишти арбыта башташты. Анан да алар дароо эле муну байкашты: мурда бир жума бою кара өрүктү үйдүн чатырында чаңга аралаштыра кургатып келишсе, эми инновациялык күн кургаткычта 3-4 күндө эле таза жана жумшак бойдон кургатып алышат. Мындай интенсивдүү жана сапаттуу иш-аракет айылдыктарды шыктандырды.
Окуудан көп нерсе үйрөндү
Рано Чекирова айылдагы кургатуучу топтун жетекчиси болгон себептүү азык-түлүк коопсуздугу боюнча Жалал-Абадда уюштурулган окууга катышат. Ал жерден азыкты даярдоо, кургатуу процессине байкоо жүргүзүү, даяр продукцияны сактоо боюнча керектүү билим алат. Мурда алар кургатылган азыкты түз эле полиэтиленге ыргытып келишсе, эми аларды кагаз баштыктарга салып, сапаттуу сактоону үйрөнүшөт, себеби бул мөмө-жемиштер кургаган соң да табигый түсү менен даамынын сакталышына өбөлгө түзөт. Маркетинг үчүн абдан маанилүү нерсе.
Окуу учурунда машыктыруучу адистер дары чөптөрдүн касиети жөнүндө да көптөгөн пайдалуу маалыматтарды беришкен. Айылда өсүп жаткан кадимки эле чөптөр абдан пайдалуу жана киреше берерлигин билишти. Демек, аларды пайдаланып, ишкердикти арттырса, көп киреше тапса боло турганын үйрөнүштү. Жада калса чөптөрдүн аталышын да билип алышты, себеби айылдыктар күндө эле көрүп жүргөн чөптөрдүн, гүлдөрдүн аталышына маани беришпейт эмеспи.
Рано Чекирова айрым чөптөрдү Москвада мигрант болуп жүргөн кезде кофеканалардан көргөнүн эстеди. Адистер ошондой эле башка дары чөптөрүн жылдын кайсы мезгилинде жана табиятка зыян келтирбей кантип чогултса болорун, базарда эмнеге суроо-талап бар экенин үйрөтүштү. Ошентип, окуп-үйрөнүүнүн пайдасы көп болду, билбеген нерселерди билип, жаңы умтулуулар, идеялар келип чыкты.
Рано Чекирова окуудан кийин кантип аракет кылганы тууралуу мындай дейт:
-Кургатуу топторунун башка жетекчилерине бала кезимде чоң энем менен бирге ар кандай чөптөрдү: кийик от, уйгак, каакым, бака жалбырак, сары чай чөп чогултканымды эстеп айтып бердим. Энем экөөбүз тоого чыгып төрт саат бою ал жерден чөп чогултуп, чоң энемдин жөнөкөй жана турмушта кереги тийе турган билими менин кулагыма күмүш сырга эле.
Кирешелүү аракеттер
Атайын окуудан өтүп, кургаткыч боюнча бардык керектүү маалыматтарды алып, Рано Чекирова жана кошуналары өз алдынча иштөө графигин түзүшөт, убакытты да макулдашып алышты. Кургаткыч торлорду биринен-сала бири пайдаланып, мунаса менен жыйналган продукцияны бат жана сапаттуу кургатып алып турушту. Ал эле эмес, мөмө-жемиштерди туурап, кургаткычка салып, баарын кайра таңгактаганга да бири-бирине жардам берип турушту. Балдар да ата-энелерге кол кабыш кылышты, өз ара ынтымактуу, жакшы аракеттер жүз берди.
Бир жолу Рано Чекирова кошуна келиндер менен чогуу төркүнү Ноокен районундагы мектептердин бирине эки кап кургатылган алмурут, алма, алча алып барышты эле, ал жердегилер дароо эле кийинки жылга буюртма беришти. Алар ишкер айымдарды колдойбуз деп, кургатылган мөмө-жемиштерди алып, жаңы окуу жылында балдарга компот жасап бермек болушту. Ортодо өз ара кызматташтык түзүлдү.
Мөмө-жемиш кургатуучу топтор, топтордун мүчөлөрү мобилдик технологияны пайдаланышып, жекече мобилдик вотсап тобун түзүп алышкан. Ал аркылуу жаңылыктарды, маалыматтарды бөлүшөт, сатып алуучулар менен байланышат, ошондой эле кыргыз-герман долбоорунан тренингдерге чакырууларды алып турушат.
-Тренинг аркылуу биз көп нерсени үйрөндүк, эми биз жаңы сатып алуучуларды издеп, башка райондордо жана аймактарда бизди тааныгандай кылып продукциябызга этикетка заказ кылабыз, — дейт Рано Чекирова.
Миллиондоп киреше алышууда
Жалал-Абад облусундагы жаңгак токойлорун жана жайыттарын башкарууга жергиликтүү жамаатты катыштыруу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан кыргыз-герман долбоору жергиликтүү тургундарга киреше алуунун альтернативдүү жолдорун өздөштүрүүгө колдоо көрсөтүп келет.
Бир гана Рано Чекированын үй-бүлөсү күн кургаткычты иштетип, өткөн жылы төрт айда 700 килограмм алма, 30 килограмм алмурут, 150 килограмм кара өрүк жана 180 килограмм ар кандай дары чөптөрдү кургатышкан. Бул продукцияны сатып, ал үй-бүлө 78 миң 800 сомдук кошумча киреше ала алышты.
Ал эми айылдагы кургатуучу топтор тарабынан даярдалган жана сатылган бардык продукциянын жалпы наркы да олуттуу. Мисалы, анын жалпы наркы 2019-жылы дээрлик 3 миллион 500 миң сомго жеткен, ал эми 2020-жылы 1 миллион 500 миң сом жана 2021-жылдын ноябрына чейин эле 2 миллион 700 миң сомду түзгөн. Албетте, мында аба-ырайы, коомдогу жалпы кырдаал (пандемия, баалар ж.б.) жалпы нарктын көлөмүнө таасир берет.
Эгерде айыл жерлеринде табигый ресурстарды, жаратылыш байлыктарын ыктуу пайдалануу, ушул багыттагы ишкердикти жайылтуу жана күчөтүү жагын караса, элеттин ирденип кетиши анчалык деле кыйын эместей. Буга Базар-Коргондогу жогорку мисал далил болуп тургансыйт.
Ал эми ишкер айым Рано Чекирова мындай нерсеге бат эле келип калган жок, ал деле мурда жолун таппай, кыйынчылыкты баштан өткөргөн, жаш кызын таштап коюп, мигрант болуп да көргөн. Жыйырма төрт жашында мугалим болуп иштеп, Каба айылына жаңгакты дүңүнөн сатып алганы келип, айылга келин болуп калган. Элеттеги жашоо оңой эмес, токой азыктары кээде мол болот, кээде жок, мал жайыттары да жыл сайын азайып барат. Эми болсо, ишкердикти колго алып, айылдагы жашоону жакшыртканга жол ачылып отурат.
-Жалал-Абад облусунун ар кайсы районуна барганда кызымды ээрчитип алам, Орусияга иштегени кетип калган учурларда толуп калган сагынычыбызды жазганга аракет кылам. Жолдо жүрүп кызым мага продукциябыздын жарнамасы үчүн социалдык тармакты кантип колдонууну үйрөтөт. Азыр болсо жаңы этикетканы экөөбүз чогуу ойлоп чыгалы деп жатабыз, — дейт ал алдыдагы пландары тууралуу.
Жалил САПАРОВ, журналист.
Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан Жалал-Абад облусундагы жаңгак токойлорун жана жайыттарын башкарууга жергиликтүү жамаатты катыштыруу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу боюнча кыргыз-герман долбоорунун материалдары пайдаланылды.