Эми Афганистан Өзбекстан аркылуу темир жолдо жүктөрдү ташууну көбөйтүү ниетинде. Бул тууралуу Ташкент шаарында өткөн ишкер чөйрөлөрдүн Афганистандын эл аралык соода палатасынын төрагасынын жана өлкөнүн Соода-инвестициялык палатасынын төрагасы Тавакул Шах Ахмад Яр менен жолугушуусунун жана сүйлөшүүлөрүнун жыйынтыгында белгилүү болду. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты. Быйылкы жылдын башынан азыркыга чейин Афганистан Ислам Республикасынан Россия Федерациясына Өзбекстан аркылуу темир жолдо 252 тонна мейиз, Казакстан Республикасына 130 тонна жана Кытай Эл Республикасына 1066 тонна к минерал продукциясын жөнөткөн. Баары болуп темир жол аркылуу эл чарбасынын 1628 тонна товарларын алып өткөн. Өзбекстан аркылуу Афганистанга 20 контейнерлик поезддер өтсө, ушул жылдын сентябрь айында Кытайга биринчи контейнердик поезд жөнөгөн. Ал эми 6-декабрда Афганистандын Хайратон темир жол бекетинен Казакстандын Чимкент шаарына 2 вагонгон жүктөлгөн 100 тонна мандарин жол алган. “Узбекистон темир йуллари” компаниясы Афганистан менен терми жол аркылуу транзиттин жүк ташууларды көбөйтүү жаатында кызматташууну күчөтө турганын, афган экспорттук жүктөрүн өткөрүүдө тарифтик жеңилдиктерди бере турганын билдирди. Ошентип, Өзбекстандагы темир жол инфраструктурасы өлкөгө пайда алып келүүдө.