www.versia.kg
Понедельник, Июнь 15, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АДВОКАТ ЧАПУТОВА ПРЕЗИДЕНТ БОЛУП ШАЙЛАНДЫ

01.04.2019
0 0
26
SHARES
140
Просмотры
Бөлүшүү

Өткөн ишемби күнү Словакияда президенттик шайлоо боюнча добуш берүү болуп, 58 пайыздан ашуун добуш алган адвокат Зузана Чапутова жеңишке жетишти. Ага 40 пайыздан ашыгыраак добуш алган Европа комиссиясынын төрагасынын орун басары Марош Шефчович жеңилип калды.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча алгачкы брифингде З. Чапутова бардык добуш берген шайлоочуларга ыраазылык билдирип, саясий көз караштарына, диний ишенимине жана улутуна карабастан өлкөнүн бардык жарандарынын президент болууга убадасын берди. Мындай билдирүүнү ал өлкөнүн жарандарынын негизги тилдеринде жар салды.

Эми мыйзам боюнча З. Чапутова өзүнүн президенттик милдеттерине быйылкы 15-июнда, азыркы президент Андрей Кисканын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда киришет. Ошентип ал Словакияда шайланган биринчи президент аял болуп калды. Анын программасынын негизги өзөгү – коррупцияга каршы күрөшүү.

Эскерте кетсек, Зузана Чапутова – 1973-жылдын 21-июнунда Словакиянын Братислава шаарында туулган. Кесиби адвокат, коомдук активист жана либерал саясатчы, “Прогрессивдүү Словакия” партиясынан. Аны укук коргоочу, коррупцияга каршы күрөшүүчү катары да жакшы билишет. Буга чейин Пезинок шаарынын башчысынын орун басары, бейформал бирикменин активисти болуп иштеген. “Прогрессивдүү Словакия” партиясын негиздөөчүлөрүнүн бири жана партия төрагасынын орун басары. Ажырашкан, эки кызы бар.

Мурдагы пост

ВИТАЛИЙ КЛИЧКО ШАЙЛООГО ВЕЛОСИПЕД ТЭЭП БАРДЫ

Кийинки пост

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ: ТОГУЗ ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР...

Кийинки пост
АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ: ТОГУЗ ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР…

АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ: ТОГУЗ ЖЫЛДАН КИЙИНКИ ОЙЛОР...

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In