Жалал-Абад областтык “Акыйкат” гезитинин бетинде Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин депутаты Дөөлөт Эргешов менен Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмек Омошевдин акыйнек айтышканы чыгыптыр. Депутат райондун акимин бир катар позициялар боюнча айыптаса, район акими өзүнүн апакай экенин айтат. Депутаттын айыптама макаласы “Обу жок Омошев” деп аталса, акимдики “Элдин баарына жагуу мүмкүн эмес” деген аталышта жарык көргөн. Депутат эмне деп айыптаганын жана ага аким кантип жооп бергенин терип-тепчип, тезис түрүндө бердик.
Депутат Дөөлөт Эргешовдун дооматтары:
1.Сузак районундагы айылдык кеңештердин депутаттарынын кошмо жыйынынын төрагасы Улан Абдыкулов Президенттин баалуу сыйлыгына ээ болгон. Аны райондун акими Э. Омошевдин айткандарын так аткарып, кошоматчылыкты мыкты өздөштүргөнү жана 2017-2018-жылдардын жыйынтыгы боюнча акимдин отчётун кошмо жыйынга алып чыкпаганы үчүн алган.
2.Э. Омошев 2013-жылы кошмо жыйындын төрагасы болуп шайланган. Ал эми төрага шайлоо жыл сайын жаңыланып турат, бирок ал 2014-2015-жылдары кайра шайлоо өткөрбөй эле төрага болуп жүрдү.
- Төрага болуп жүрүп эч нерсени кыйратпаган, ага дарамети да жок болгон. Көрсө, көздөгөнү аким болуу экен. Төрагалык тепкичти пайдаланып, 2016-жылы шайлоо өткөрбөй эле төрагалыкты Бакыт Калбаевге өткөрүп берген.
- Мурда муниципалдык, мамлекеттик иштерде иштебей, кызматтык тажрыйбасы жок, бир да тармакта көрүнүктүү иш жасай электе эле ар кимди ортого салып аким болгон. Буга борбордогу айрым чиновниктер жардам берген.
- Учурда райондо кадрдык башаламандык өкүм сүрүп, уюштуруу иштери начар болуп, акимдин эси-дарты 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат.
- Өзүнүн тааныш-билиш жакын адамдарын кызматка коюу менен алек. Мисалы, райондогу Г. Бакиева атындагы мектепке өзүнүн өкүл баласын директорлукка, өзүнүн окуткан эжекесин акимдин орун басарлыгына дайындаткан.
- Ар кандай салтанаттуу кечелерди, иш-чараларды өзүнүн жеке менчиги болгон “Чыңгызхан-1”, “Чыңгызхан-2” ресторандарында өткөрөт.
- Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө башчы дайындоо милдетин да аким өзүнө ыйгарып алган. Багыш айыл өкмөтүндөгү мектепке, балдар бакчасына башчы дайындоодо чыр чыккан, бул акимдин иши. Райондогу балдар үйүнүн чыры да акимге тиешелүү.
- Сузак районунун борборундагы Сузак айылынын борбордук аянтына курулуп жаткан соода борборунун ишине да кол бала депутаттары аркылуу тоскоолдук жасап, курулуш иштери бир айга кечиккен.
- Сузакта наам ыйгаруу жагынан Э. Омошевге тең келе турган адам жок. Төрага болуп турганда жүздөгөн адамдарга, дос, жоро, аяш, ага-ини, бөлөлөрүнө “Ардактуу атуул” наамын ыйгарган, бул наамдын ышпалдасын чыгарган.
- 2017-жылы кошмо жыйындын төрагасы шайланмак, бирок шайлоо өткөрбөй туруп Улан Абдыкуловду дайындап, эмдигиче кол бала кылып иштетип жүрөт.
- Барпы айылдык кеңешинин төрагасы Улан Абдыкулов ишин жакшы билбейт, алып бара албайт, бирок бир күн муниципалдык кызматта иштебесе да 2018-жылы аким тарабынан “Муниципалдык кызматтын отличниги” наамына сунуш кылынып, ыйгарылган. Барпы айылдык кеңешинин жана Сузак райондук кошмо жыйынынын тийиштүү токтому жок туруп, аким экөө ушундай наамдарды ыйгарып келатышат.
- Бул эки жетекчи тарабынан 2014-2015-2016-2017-2018-жылдары берилген “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамдары жасалма. Себеби бул жылдары төрага шайланган эмес, кошмо жыйын иштеген эмес.
Аким Эрмек Омошоевдин жообу:
- Депутаттын айыптоолоруна кошула албайм, дээрлик бардыгы кандайдыр бир чындыкка негизделбеген таризде жазылган.
- Сузак райондук кошмо жыйынына бир нече ирет төрага болуп шайланганым ырас. Айылдык кеңештердин төрагаларынын катышуусу менен бир добуштан талапкерлигим жактырылып, тийиштүү токтомдор, протоколдор жазылган. Баары мыйзамдуу болгон.
- Төрага болуп турганда 344 депутаттын башын бириктирип, районду көтөрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга, эл чарба тармагын өнүктүрүүгө аракет кылдым. Өз билгенимди жасабадым. Аткарган ишибиз мыйзамдуу жана талаптагыдай болгон.
- Акимдик кызматка 2016-жылы талапкер болдум, райондун депутаттарынын кошмо жыйынында шайлоо болуп, экинчи орунга чыкканмын. Ал эми 2017-жылы област жетекчилигинин макулдугу, Өкмөттүн тандоосу менен аким болдум.
- Ишкер экенимди танбайм, бирок мамлекеттик кызматтардан да четте болгон жокмун. Билим-тажрыйбамды элге жумшадым, жумшап да келатам.
- Менин орун басарым ЛолаАбибова көп жыл мектепте жетекчи болгон, мектеп областта алдыңкы болуп жүрдү. Ошондуктан ушул кызматка алып келдик, жакшы иштеп жатат.
- Райондук кошмо жыйындын төрагасы Улан Абдыкуловдун кызматка келүүсүнө менин тиешем жок, аны депутаттар өздөрү чечишет. Ага “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу да депутаттарга тиешелүү. Ал эми “Муниципалдык кызматтын отличниги” төш белгисине эч ким көрсөткөн эмес, андай сыйлыгы жок.
- 2014-жылдан 2018-жылга чейинки берилген “Сузак районунун ардактуу атуулу” наамы жасалма деген маалымат чындыкка жатпайт, себеби баарынын тиешелүү документтери бар. Кошмо жыйын бекиткен.
- Кадр тандоодогу тууган-урук, дос-жар, ага-ини, жек-жааттарын алып келген деген божомол да негизсиз. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысын Билим берүү жана илим министрлиги чечет.
- Ишкерлерге кеңири жол ачык, жаңы жумуш ордун түзөм десе, колдоо көрсөтөбүз. Райондун борбордук аянтына соода жайын куруп жаткан ишкерге тоскоолдук кылды деген да туура эмес.
- Октябрь айылындагы Балдар үйү боюнча иш алып барганбыз. Ал жердеги балдардын баары постердик үй-бүлөлөргө берилди, жашоосу көзөмөлдө. Ал жайга бир мектепти көчүрдүк жана бала бакча ачтык.
- Салтанаттуу кечелер, иш-чаралар менчиги болгон “Чыңгызхан-1”, “Чыңгызхан-2” ресторандарында өткөрүүгө буйрук берет дегени да туура эмес. Бизде өткөн кайрымдуулук, майрамдык иш-чаралар ал жерде акысыз өткөрүүгө уруксат берилет.
- 2020-жылдагы парламенттик шайлоого барууга азырынча ниетим жок.
Корутунду
Ушундай акыйнек айтыш болду. Депутат айыптады, аким жооп берди. Калыбы ар ким өз акыйкаты менен кала берди, бирок чындык каерде жана ким тарапка экени азырынча белгисиз.
Деген менен, тегин жерден өрт, болбогон жерден сөз чыкпагандыр, ким билет…
Кандай болгон күндө да өлкөдөгү үлкөн райондо көптөгөн көйгөйлөр, кемчиликтер, ошол эле кезде ийгиликтер менен алга жылыштар да жок эместир. Алдыда алар тууралуу байма-бай кеп кылуу – биздин парзыбыз.
Даярдаган Жалил САПАРОВ,
журналист.