Жалал-Абад областынын тургундары микронасыя алуу жагынан өлкөдө дээрлик сап башында турушат. Башкача айтканда, алган насыялардын көлөмү боюнча Ош областынын тургундарынан кийинки эле экинчи орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу Мамстаткомдун маалыматтарында айтылат.
Быйылкы тогуз айдын ичинде (январь-сентябрь айлары) Жалал-Абад областынын тургундары жалпысынан 3 миллиард 687,1 миллион сом насыя алышкан. Өткөн жылы ушул мезгилде алынган насыянын көлөмү 3 миллиард 94,6 миллион сом болгон эле. Демек, быйылкы алынган насыя көлөмү өткөн жылга караганда 19,1 пайызга көптүк кылат.
Насыя алгандар саны да быйылкы жылы көп болгон: быйыл тогуз айдагы алардын саны 99,6 миң кишиге жеткен. Ал эми өткөн жылы тогуз айда анын саны 82,5 миң киши болчу. Демек, быйыл област боюнча насыя алган кишилердин саны 20,8 пайызга өскөн.
Эскерте кетсек, алынган насыянын көлөмү боюнча Ош областы сап башында турат: тогуз айда алынган насыянын көлөмү 5 миллиард 221,6 миллион сомго жеткен. Ал эми алынган насыянын көлөмү боюнча Талас областы эң акыркы сапта: тогуз айда алынган насыянын көлөмү 800,2 миллион сом. Ошол эле кезде Баткен областында быйыл насыя алгандар саны өткөн жылдагыдан 35,2 пайызга өсүп, бул жагынан сап башында турат.
