Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам алкагында дагы 3 миң тонна буудай жөнөттү. Бул тууралуу «Узбекистон темир йуллари» компаниясына шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги быйылкы 17-ноябрда жазып чыкты.
«Узбекистон темир йуллари» компаниясынын билдиришинче, боордош өлкөгө жиберилген мындай жардам Өзбекстандын президентинин демилгеси боюнча жасалды. Буудай жүктөлгөн поезд 17-ноябрда Анжиян шаарына келип, андан Ош шаарына жөнөтүлгөн.
Эскерте кетсек, буга чейин эле Өзбекстан Кыргызстанга таажы вирусуна каршы күрөш алкагында 100 миң медициналык кол капты, 10 миң коргоочу комбинезондорду, 2 миң коргоочу көз айнектерди, 100 миң медициналык беткаптарды жиберген болчу. Андан тышкары, 1 миң куту “Гепарин”, 5 миң куту “Ремдесевир” дарылары, 10 миң даана ооруну аныктоочу тесттер, 4 миң даана 100 миллиграмм өлчөмүндөгү натрий хлор, 60 миң даана шприцтер, 20 миң тамчылатып эмдөө системалары берилген.