Жалал-Абаддагы “Малина.ТВ” ютуб каналында быйылкы 18- жана 20-мартта жарыяланган “Жалал-Абадда жер коррупциясы жокпу?”, “14 сотых жердин чыры” аттуу видео-тасмалардын негизинде кылмыш иши козголду.
Бул видео-тасмаларда Жалал-Абад шаарындагы “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына караштуу насостук станциялар жайгашкан жерлер шаардык Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан ижарага берилип кеткени тууралуу айтылган. Анда мыйзам бузуулар болушу мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.
Видео-тасмада көрсөтүлгөн маалыматтар боюнча Жалал-Абад областтык прокуратурасы текшерүү иштерин алып барып, натыйжада мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) көрсөтүлгөн аракеттер болгону үчүн Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын негизинде эми муниципалдык кызматкерлердин үстүнөн тергөө иштери жүрөт.
Эске сала кетсек, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган соң азыркы мыйзамдар боюнча кылмыш иши козголду деп эсептелинет.