Былтыркы жылы Жалал-Абад областы боюнча жалпысынан 30 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, быйыл 16 чакырым 700 метр жолго гана асфальт гана пландалган. Бул тууралуу Жалал-Абад – Балыкчы автоунаа жол башкармалыгынын башчысы Камалбек Исманов билдирди.
-Быйылкы жылы Жалал-Абад областынын аймагында жалпысынан 16 чакырым 700 метр жолго асфальт төшөлөт. Ишкананын быйылкы жылга бюджети болсо 219 миллион 185 миң сомду түзөт, — дейт ал.
Аталган суммага асфальттоо иштеринен сырткары да жол белгилерин коюу жана барьерлерди орнотуу каралган. Мындан сырткары, былтыркы жылы 24 аймактагы кооптуу жерлер жоюлган болсо, быйыл 32 аймакта ушундай эле коопсуздукту камсыз кылуу иштери алып барылат.
Эске салсак, аталган башкармалыктын карамагында 7 жол тейлөө ишканасы бар. Жалпы жонунан 1943 чакырым унаа жолун тейлесе, анын ичинен 98 чакырымы эл аралык маанидеги, 622,7 чакырымы мамлекеттик маанидеги калгандары жергиликтүү унаа жолдору болуп эсептелет.