Жалал-Абад шаарындагы суу фондусуна караштуу жер участкалары Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы тарабынан аукционго коюлуп, ижарага берилип жатканы тууралуу “Малина.ТВ” ютубканалынан дембе-дем берилип келди. Областтык прокуратура дароо текшерүү баштап, анын жыйынтыгын жарыялай элек. Бирок, күн өткөн сайын улам жаңы жагдай ачыкка чыгууда.
Адегенде Нагима Айтматова көчөсүндө жайгашкан “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына караштуу насостук станциянын ээлеген жерин аукционго коюп, ижарага беришкени тууралуу кабар таркаган. Буга шаардык кеңештин депутаттары караманча-каршы чыгышып, суу фондунун жери башкаларга берилбеши керек деген позицияны карманышты. Депутаттык комиссиянын кеңейтилген жыйынында маселе да карашып, аны сессияга алып чыгуу чечимине келишкен.
Кызыгы, Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетекчиси жерди ижарага берүүдө “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгынан насостук станциялар иштебей турганы тууралуу атайын кат алынганын айтса, суу ишканасындагылар расмий катта насостук станция убактылуу консервацияланганы тууралуу жазылып, жерди бирөөлөргө ижарага берүү үчүн жазылбаганын тастыкташат. Себеби кийин элди суу менен камсыз кылуу үчүн ал насостук станциялар кайра иштетилиши ыктымал.
Эми болсо, ошол эле Ютуб социалдык тармагындагы “Малина.ТВ” каналынын билдиришинче шаардагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына караштуу насостук станциянын 15 сотых аянты да аукцион аркылуу ижарага берилген. Бирок, расмий маалыматта ал жер “жашылдандыруу” максатында берилген болсо, ижарага алгандар турак жай үчүн алышканын айтышат. Кимиси чын, кимиси калп айтып жатат?
Эң кызыгы, алынган маалымат боюнча, аукционго катышкандар ошол аукционго киргизилген эмес, тандоо жабык эшиктин артында жүргөн. Ошондуктан да айрым ишкерлер аукцион таза өтпөдү деген пикирди айтышкан. Бул маселени да укук коргоо органдары жакшылап текшерип чыгуулары керектей.
Эскерте кетсек, 2008-2009-жылдары Жалал-Абад шаарында бош жаткан жерлердин көбү Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жеке менчикке сатылып кеткен. Натыйжада там салуу үчүн жер сураган шаар тургундарына жер участкаларын берүүгө мүмкүн болбой калган. Арга жоктон Жалал-Абад шаарынын мэриясы 2015-жылы жерди жеке менчикке сатууга мораторий жарыялаган, анткени азганактай калган жерди көп кабаттуу үйлөрдү курууга сактап калуу керек эле.
Ал эми ага чейин Урбан институту шаарды өнүктүрүү боюнча жер маселелерин иликтеп чыгып, шаар бийликтерине муниципалдык жерлерди жеке жактарга сатпоо, аларды ижарага гана берип пайдалануу сунушун беришкен. Бирок, 2008-2009-жылдагы шаар жетекчилиги муниципалдык жерлердин басымдуу көп бөлүгүн сатууга үлгүргөн жана шаарга кыйла зыян келтирилген. Бирок, укук коргоо органдары бул ишке эмнегедир кызыгышкан эмес.
Эми быйыл жылы шаарда жерге байланыштуу чырлар, маалымат мейкиндигинде кайрадан эле терс жагдайдагы маалыматтар ат тезегин кургатпай чыгып жатат. Мунун баары мыйзамдуубу? Мунун баары жалаң гана элдик кызыкчылык менен жүргүзүлүп жатабы? Жеке кызыкчылыктар жокпу? Туугандардын, жакын адамдардын атына документтештирилип, айрым атка минерлер пайдаланып жатышкан жокпу? Бул суроолорго азырынча жооп жок. Бирок, эртеби-кечпи жообу билинери бышык.
Жалил САПАРОВ.