Эми Шанхай кызматташтык уюмунун болуп өткөн кезектеги форумунда Индия демилгелеген стартаптардан – биргелешкен ишканаларды түзүүдөн Борбордук Азия өлкөлөрү пайда көрө алышары белгилүү болду. Премьер-министр Нарендра Моди ШКУнун форумунун экономикалык күн тартибине ылайык, өзүнүн өлкөсү ШКУнун Стартаптар форуму жана Стартаптар жана инновациялар боюнча атайын жумушчу топ сыяктуу институционалдык механизмдер аркылуу баалуу салым кошуп жатканын баса белгиледи. Анын сөзүн Индиянын тышкы иштер министри С. Жайшанкар ШКУнун жыйынында жарыя айтты. Анан калса, Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө премьер-министрдин “Индиянын 130 000 стартаптарын, анын ичинен 100ү ийгиликтүү стартап-компаниялар (“единорогдор”) экенин эске алганда биздин тажрыйбабыз башкаларга пайдалуу болушу мумкүн” деген пикири берилген.
NASSCOM компаниясынын отчётуна ишенсек, Индия стартаптар үчүн эң ыкчам өнүккөн жана көлөмү жагынан үчүнчү позицияда турган экосистема болуп калды. Мындай өнүгүү орошон каржылоонун, жаңы технологиялардын жана ээ-жаа бербей өнүгүп жаткан ички рыноктун шартында колдоо таап, индиялык стартаптардын экосистемасынын жаңы бийиктиктерге көтөрүлүшүнө алып келүүдө.
Алдыдагы 2025-жылдын январында Индия Шанхай кызматташтык уюмунун бешинчи стартап форумунун жыйынын кабыл алмакчы. Бул демилге ШКУнун Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Индия, Пакистан жана Өзбекстан кирген сегиз мүчөсүнүн арасында старттык өз ара аракеттенишүүлөргө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Индия ШКУнун мүчө-мамлекеттериндеги жергиликтүү стартап-экосистемалардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, насаатчылык жана инвесторлорду жана корпорацияларды тартуу үчүн иш-чараларга кеңири катыштырууну камсыз кылууга, ошондой эле инновациялык чечимдердин жана стартап-экосистемаларды колдоо үчүн институционалдык кийлигишүүлөр кандай болушу керектиги тууралуу билимдерди алмашуунун жардамы менен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган бир катар демилгелерди көтөрдү.
Ар кайсы тармактардагы алысты көрө алган кишилер жана социалдык секторлор тарабынан кайра өзгөртүүчү идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырылышы үчүн Индия өзүн инновациялык кыймылды сүрөөчү күч катары көрсөтүүдө. Казакстан сыяктуу өлкөлөр мындай колдоолорго жакшы даярданышкан; билим берүүдөгү акыркы реформалар жана инвестициялар атамекендик бизнестеги жана машыкмалар чөйрөсүндөгү трансформацияны пайда кылды. Алматыдагы жогорку технологиялар академиясы сыяктуу алдыңкы институттар жаш муундарды азыркы дүйнөнүн көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн чечүүгө шыктандырат. Индия борборазиялык аймактагы улам күчөп бара жаткан амбицияларды ишке ашырууга катышууну күчөтүү менен өзүнө да кыйла пайда тапмакчы. Борбордук Азия жана башка аймактар үчүн санариптик көпүрөнү түзүү жана санариптик коомдук жыргалчылык менен инфраструктураны камсыз кылуу башка да көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн эң зарыл мүмкүнчүлүк болуп калат.
Aadhaar жана бирдиктүү төлөм интерфейси сыяктуу санариптик коомдук инфраструктура (DPI) стартаптарга ишенимдүү негизди жана коопсуз аутентификацияны, транзакциялардын оптимизациясын, анан да каржылык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен индиялык ландшафты кайра өзгөрттү. Ушундай санариптик платформаларды пайдалануу менен стартаптар санариптик идентификацияны жана экосистеманын өсүү стимулу үчүн ийкемдүү төлөмдөрдү пайдалануучу инновациялык чечимдерди иштеп чыгышты. ШКУнун мүчө-мамлекеттери 2023-жылы 13-майда Нью-Делинин аймактагы инклюзивдүү өнүгүүгө көмөк берүүчү “DPI мүчө-мамлекеттер арасында санариптик технологияларды өздөштүрүүгө туура жол” сунушун бир добуштан кабыл алышты. Индиянын UPI платформасы азыркы тапта Непалда, Бутанда, Францияда, Сингапурда, Улуубританияда, Бириккен Араб Эмираттарында жана Маврикияда колдонулуп жатат. ШКУнун аймагында UPI платформасын колдонуу чыгымдарды азайтуу, товарларды ыкчам ташуу жана туризмди стимулдаштыруу аркылуу соода-сатыкты жакшыртууга алып келет.
Фармацевтика жана медициналык технологиялар Индиядагы инновациялык негизги тармак болуп калды. Алсак, 2021-жылы бул сектордо 2,2 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө каржылык колдоо алган 3548 активдүү стартаптар иштеп турган. Божомолдорго ылайык, 2025-жылы бул сан 21,3 АКШ долларына жетиши күтүлөт. Мунун өзү медициналык жардам көрсөтүүнү жана анын жеткиликтүүлүгүн арттыруу багытындагы революциялык өзгөрүү жасай турган стартаптардын кайра өзгөртүүчү понтенциялын көрсөтөт.
Деген менен, 2022-жылы Индиянын Россияга, Өзбекстанга, Казакстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кыргызстанга болгон фармацевтикалык өнүмдөрүнүн экспортунун көлөмү тийиштүүлүгүнө карай 597,8 миллион, 128,16 миллион, 72,6 миллион, 27 миллион, 25,4 миллион жана 16,15 миллион АКШ долларын түзгөн. Индиялык стартаптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен фармацевтикалык препараттардын сапатын көзөмөлдөө, санариптештирүү жана жеткирип берүү жагынан биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Андан тышкары, Борбордук Азия өлкөлөрү AYUSH (салттуу медицина боюнча министрлик – ред.) өнүмдөрүн – салттуу жана гомеопатиялык дары-дармектерди – Индиядан көбүрөөк импорттоп келатышат, мисалы, 2022-жылы өлкө бул багытта 16 миллион долларлык экспорт жасаган.
Индия татаал рыноктордо иштөөнүн кыйла тажрыбасын топтогон, аны ШКУнун өлкөлөрүндөгү стартаптарды колдоо максатында пайдаланса болот. Индиянын рыногуна шайкеш келтирилген инновациялык чечимдер ошол өлкөлөрдүн керектөөлөрүнө да шайкеш келтирилет. Өнөктөштүктүн шарапаты менен индиялык стартап-экосистемасы стартаптарга эл аралык деңгээлде жардам берүү менен каржылоо, насаатчылык жана инвесторлордун кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүүлүк жагынан көмөк көрсөтө алат. Анан калса, индиялык стартаптар ушул багыттагы саясат жагынан жагымдуу өзгөрүүлөрдү кийирип, башка өлкөлөрдү экосистемаларды колдоого багыттай алышмак.
Индиянын Санариптик коомдук инфраструктурасы (DPI) коомдук товарларды жана тейлөөнү сунуш кылууну жакшыртты жана арыз-даттанууну кароо үчүн маалыматтарга негизделген берилмелерди камсыз кылды.
Объекттин санариптик идентификаторун (DOI) мындайча пайдалануу ШКУнун айрым өлкөлөрүндө, айрыкча Борбордук Азияда калктын аз камсыз болгон чөйрөсүнө социалдык жана каржылык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү жагынан жардам бере алмак. Индиянын стартаптар экосистемасы чек араларга карабай стаптаптарга жагымдуу чөйрө түзүү менен иновация жана ишкердиктин глобалдуу тармагын өнүктүрүү потенциалына ээ.
Эркинбек КАМАЛОВ.