Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттеринин репродуктивдүү ден соолук жана анын сапаттуу жашоого тийгизген таасири тууралуу маалыматы жетишсиз. Бишкек Эл аралык медициналык институту жүргүзгөн изилдөөнүн авторлору жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) тобокелдик факторлорунан зыянды азайтуу Концепциясын илгерилетүү боюнча илимий-изилдөө иштеринин натыйжасында, ушундай корутундуга келишкен.
Бишкектеги жогорку окуу жайларынын 18 жаштан 25 жашка чейинки 900дөн ашык студентинин катышуусунда жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөдөө репродуктивдүү ден соолук боюнча маалыматтын негизги булагы интернет экени аныкталган. Мындай пикирге эркектер арасында 80 пайызы, аялдар арасында 32 пайызы макулдугун билдирген. Көпчүлүк учурда (36%) аялдар маалыматты медициналык мекемелерден алышат. Эгер медициналык жайлар так жана сапаттуу маалымат берсе, интернеттен алын маалыматтар так эмес болушу да мүмкүндүгүн эске алуу керек.
Ошондой эле иликтөө жаштардын сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча маалымдуулугунун абалы оор экенин көрсөттү. Эгерде тийиштүү кам көрүлбөсө, ден-соолукка коркунуч келтириши мүмкүн. Анын кесепети репродуктивдүү курактагы калктын жыныстык жол менен жугуучу инфекциясы, ВИЧ-инфекциясынын жана тукумсуздуктун көбөйүшүнөн байкалат.
Сурамжылоонун жүрүшүндө, респонденттер репродуктивдүү функцияга түздөн-түз байланышпаган өнөкөт оорулардын болушу сыяктуу тобокелдиктердин бар экенин биле беришпестиги белгилүү болду. Көпчүлүк кыздар эрте куракта кош бойлуулук жана бойдон алдыруу тобокелдиктерин эске алышпайт. Басымдуу бөлүгү туура эмес тамактанууну жана аз кыймылдагы жашоону репродуктивдүү ден соолук үчүн коркунуч туудуруучу фактор катары эсептебейт.
Сурамжылоого катышкандардын көбү бойго бүтүрбөөчү каражаттарды сатып алууда жана репродуктивдүү ден соолук маселелери боюнча медициналык мекемелерге кайрылганда психологиялык ыңгайсыздыкты сезбейт. Сурамжылоонун 30 пайыздан 40 пайызына чейинки эки топтогу катышуучулары жаштардын ден соолук борборлору жөнүндө билишет жана ал жактан кеңеш алышат. Бирок, эки топ тең жыныстык билим берүү жана репродуктивдүү ден соолук маселелерине артыкчылыктуу маани беришпейт.
Жаштар репродуктивдүү ден соолукка терс таасирин тийгизүүчү фактор катары жаман адаттарды (аялдардын 27 пайызы жана эркектердин 22 пайызы), жыныстык жол менен жугуучу ооруларды (28 пайызы жана 29 пайызы), коркунучтуу сексуалдык жүрүм-турумду жана бойго бүтүрүүчү каражатты колдонбоону (10 пайызы жана 40 пайызы) санашат. Ал эми, аялдардын 26 пайызы жана эркектердин 41 пайызы аталган факторлордун баардыгын терс кабылдашат.
Жыныстык катнашта жашаган респонденттердин көбү бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушат (аялдардын 60 пайызы жана эркектердин 71 пайызы). Сурамжылоого катышкан эркектер презервативди (91 пайызы), аялдар бойго болтурбоочу таблеткаларды (46 пайызы) жана алардын өнөктөштөрү презервативдерди (39 пайызы) колдонушат.
Заманбап коомдо ден соолукка кам көрүүнүн жаңы талаптары пайда болгонун унутпоо зарыл, деп эсептешет изилдөөнүн авторлору. Өсүп келе жаткан жаш муундун репродуктивдүү ден соолук маданиятынын социалдык мааниси жаштар коомдун эң жакын делген репродуктивдүү, интеллектуалдык, экономикалык, социалдык, саясий жана маданий резерви болгондугу менен шартталат. Бирок жаштардын ден соолугунун начарлашынын узак мөөнөттүү тенденциясы бардык курактагы топтор боюнча кырдаалды курчутууда.
Изилдөөнүн авторлору жаштар улуу муундагы тааныштарын жолуктуруп калуу коркунучунан улам медициналык мекемелерге барууну каалабай турганын белгилешет. Ошондуктан жаштардын медициналык-агартуу борборлорунун кеңири тармагын түзүү зарыл деп эсептешет. Мындай жол менен аларга медициналык жардам көрсөтүп, психологиялык жана социалдык колдоо алууга мүмкүн болмок. Мындан тышкары, репродуктивдүү ден соолукту коргоо боюнча иштер жүргүзүлмөк.
ЖЭУ тобокелдик факторлорун азайтуунун эффективдүү жана таасир бере турган ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө зыянды азайтуу концепциясы киргизилген. Ага ылайык, баңгизаттарына көз каранды болгон бейтаптар альтернативдик терапия катары метадонго, ал эми күчтүү спирт ичимдигинин ордуна алкоголу аз суусундуктарга өтө алышат. Ушул эле принцип тамеки колдонууга, тамактанууга жана репродуктивдүү ден-соолукка да тиешелүү болуп саналат. Зыянды азайтуу концепциясы саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги милдеттерин ишке ашырууда эффективдүү инструменттердин бири боло алат, дешет изилдөөнүн авторлору.