Азыркы коомчулуктун ар тараптуу маалыматтарга керектөөсү күч, ошол эле кезде коомго такталган маалыматтарды жеткирүү жагынан бир топ кыйынчылыктар бар. Ошол себептүү басма сөз кызматтарынын ишине болгон талап күчөп барат. Мындай шартта тигил же бул компаниялардын басма сөз кызматтары кантип иштеп жатышат? Эмне ийгиликтери, кандай кыйынчылыктары бар? Алдыда эмнелер күтүлүүдө? Ушул суроолорго жооп алуу үчүн Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын басма сөз катчысы Уметалиева Жыпариза Базарбековнага кайрылдык.
* * *
-Мурун журналистикада иштеп жүрүп, анан басма сөз кызматына өтүп иштөө кандай экен? Деген менен, басма сөз кызматы журналистика эмес да. Кандай кыйынчылыктар болду?
— “Жалалабатэлектро” акционердик коомуна 2014-жылдын 17-январынада жумушка келгенмин. Ал учурда, социалдык түйүндөрдү адамдар азыркыдай активдүү колдонушчу эмес. Эл маалыматтын басымдуу бөлүгүн массалык маалымат каражаттарынан: телевидение, радио жана гезиттен алып турушкан. Компаниянын өзүнүн сайты бар болчу, кирсем акыркы маалымат 2012-жылы жайгашыптыр. Демек, “муктаждык жок, иш-чара, оңдоп-түзөө жумуштарын ТВ, сайт, гезит аркылуу гана чагылдырып коёт экенмин”, деп ойлодум да, жумушту өзүмдү басма сөз катчы кызматына даярдоо менен баштадым. Жумушту компания тууралуу маалымат таратууга эмес, энергетика тууралуу, анын күңгөй-тескейи тууралуу алгач өзүм билишим керек деп, көңүлдү ошол жакка койдум.
Ар бир бөлүмгө кирип, билбегенимди сурап, билгенге, үйрөнгөнгө аябай аракеттендим. Кесиптештериме ыраазымын, өздөрүнүн убактылары аз, жумуштары көп жана маанилүү болуп турса да, жок дебей жакындан жардам беришти. Терминдерди, электр жабдууларынын аталыштарын, дегеле электр жарыгы өндүрүлгөндөн баштап, ар бир абоненттин үйүнө чейин жеткирилгенге чейинки бардык майда-бараттар тууралуу кесиптештеримден билдим. Андан соң маалымат таратуу мен үчүн жеңил болду. Компаниянын социалдык түйүндөрдө баракчаларын ачтым, сайтты жаңылап, иштеп чыктык. Атайын архив бөлүмүн түздүм. Мен иштеген күндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин компаниянын бардык сүрөт-видеолорун сактап келе жатам.
Ал эми кыйынчылык дегенди адам өзү жаратат. Мен кайсыл жерлерде иштебейин, андай нерсе жок. Жумуш мен үчүн ар дайым жеңил, эмгек жамааты менен деле бат тил табышып кетемин.
-Мурда телевидениеде иштеп жүргөндө энергетика маселелерин чагылдырып жүргөнсүң, ушундай эмеспи? Кийин энергетика тармагына келип иштеген соң, мурдагы ишке сын көз караштар пайда болдубу?
-Менин энергетикага келип калганымдын себеби да ошол, телевидениеде иштеп жүрүп, ушул жаатында көп сюжет даярдаганмын. Энергетиктердин жумуштары жеңил эле сезилчү. Билесизби, мурда менин энергетиктерге болгон көз карашым башкача болчу. Мисалы, мен Токтогул районунун Жетиген айылынан боломун. Ошол учурда, электр жарыгы көп өчүрүлөт эле. Анан эшикке чыксак, Өзгөрүш айылы көрүнүп турат да, алардыкы жаркырап эле күйүп турат. “Булар, зериксе эле биздин жарыкты өчүрөт” деп, аябай жаман көрөт элем. Анткени, ал убакта биздин айылда телефон, интернет деген жок, караганыбыз эле КТР. Аны көрөйүн десең, свет жок.
Эми көрсөм, баары таптакыр башкача экен. Электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы бир эле энергетиктерден көз каранды эмес, көп жагдайлар бар тура. Мисалы, канаттуулар да учуп жүргөн учурда электр зымына түшүп калып, чыңалуу жаратып, бир айылдын жарыгын өчүрүп коё алат. Ал эми тиги электр-монтёрлор кар кечип, бут кийимдеринин ичи суу болуп, ошол сууну төгүп, байпактарынын суусун сыгып, кайра кийип кеткен учурларды көрдүн. Күндүн аптабында, кыштын ызгаарында эшикте электр-монтёрлор тынымсыз иштешет. Ошондо да алардын кабактары жайдары. Рахмат дегиң гана келет.
Муну менен эмнени айткым келет, сын керек сөзсүз түрдө. Салмактуу, жөндүү сын болсо, аны кабыл алыш керек. Биздин жумушубуз ар бир абонентке көрүнүп турат да. Демек, сын айтылып жатса, ал туура.
-Басма сөз кызматындагыларды айрым жактарда жетекчилер жакшы түшүнбөй, өздөрүн бир беткей пиарлаш үчүн колдонуп жаткандай туюлат. Бул жагынан силерде көйгөй жаралган жокпу? Жетекчилик менен өз ара түшүнүүчүлүк барбы?
-Маалымат катчы эч качан жетекчинин жеке жактоочусуна айланбашы керек. Ага бүтүндөй бир мекеменин басма сөз кызматын аркалоо жоопкерчилиги жүктөлгөнүн ар дайым эстеп турушу шарт. Эгерде жетекчинин жактоочусуна айланса, ошол мекемеге айтылып жаткан сын-пикирлер, туура болсо да туура эместей туюла бериши мүмкүн да. Мен 5-инчи жетекчи менен иштешип жатамын. Бардыгы маалымат кызматы маанилүү экенин, журналисттер коомдук пикирди жаратууда чоң роль ойной турганын, биздин кызматкерлер менен абоненттер ортосунда көпүрө боло алаарын алар жакшы билип турушту.
Мага энергетика тармагынында иштөө бир жагынан алганда жеңил болду. Анткени, энергетика бул саясаттан тышкары болуп, өндүрүштүк кызматкерлер болгону үчүн, өздөрүн пиарлоо зарылдыгы дээрлик болгон жок. Өзүңүз деле байкасаңыз керек, мен иштеп жаткан 8 жыл аралыгында бир да жолу бир жетекчинин атын атап, ага басым жасап, маалымат тараткан жокмун. “Баланчанын тапшырмасы, түкүнчөнүн жеке көзөмөлүндө” деген маалыматтар чыккан жок. Мындай нерсеге жетекчилер өздөрү дагы кызыгышкан жок. Мен ошого ыраазымын.
Мага ишеним көрсөтүп, маалымат таратуу жагын тапшыргандан кийин, демек, аны кандай багытка салып, ишти алып кетүү менин жоопкерчилигимде. Менин максатым — компаниянын имиджин жогорулатуу жана коомчулуктун компанияга болгон ишенимин бекемдөө. Ошол үчүн жетекчиликке ар дайым сунуш менен киремин, алар колдоого алат. Дээрлик тапшырма мен тараптан болот.
—Кандай деп ойлосуң, азыркы кезде массалык маалымдоо каражаттарында энергетика маселелери кеңири, толук кандуу чагылдырылып жатабы? Эгер кемчиликтер болсо, алар кайсылар? Журналисттер энергетика тармагын жакшы билишеби же…?
-Колдон келишинче ачык-айкын маалымат таратууга аракет жасап жатабыз. Бирок, бул жеткиликтүү дегенди түшүндүрбөйт. Бардык маалыматтар толук кандуу чагылдырылып жатат дегендик, анда жумуш токтоду дегенди түшүндүрөт. Журналисттерге ар дайым маалымат берүүнүн жаңы, кызыктуу форматын, деталдарын издеш керек. Эң негизгиси, эл маалымат менен үзгүлтүксүз камсыз болуп турушу зарыл. Бул үчүн журналисттер менен кызматташуу, аларга ачык, так маалымат жеткирип туруу зарылдыгы бар. Себеби, журналисттер энергетика тармагын толугураак билиши зарыл, биз ошого кызыгабыз. Алар канчалык жакшы билишсе, бизге ошончолук жеңил, элге ошончолук пайдалуу болот.
Бул максатта биздин жетекчилик Жалал-Абаддагы журналисттерди топтоп, энергетика тармагы тууралуу тегерек стол уюштуралы деген пикирде жүрөт. Андан сырткары, биз пресс-турларды өткөрүп турабыз.
Туура, ар бир журналист энергетика тармагын өзүнүн чыгармачылык деңгээлинде, өзүнүн алдына койгон чыгармачылык максатынын алкагында чагылдырат. Кемчиликтер да, ийгилик да болушу мүмкүн.
—Сен пресс-катчы болгондон кийин журналисттер менен иштеп кетүү оңой болдубу же кандайдыр бир айырмачылыктардан улам кыйынчылыктар да жаралдыбы? Деги эле пресс-катчы менен журналисттин ортосундагы кызматташуунун күңгөй-тескейи тууралуу эмнелерди айтса болот?
-Мен, өзүм телевидениеде иштеп жүрүп, “Жалалабатэлектрого” келгенмин да. Журналисттердин бардыгын тааныганым үчүнбү, алар менен дос-курбу, тилектеш, кесиптеш болгонум үчүнбү, айтор менде кыйынчылык болгон деле жок. Журналист кесиптештерим, тескерисинче, мага дем берип, колдоп, маалыматтарды таратууда жакындан жардам беришти, азыр дагы колдоп көмөк көрсөтүп турушат. Мен баардыгына ыраазымын.
Эми өзүмө келсем, алардын берген суроо-талаптарына болушунча ыкчам жооп бергенге аракет жасаймын. Маалымат багытындагы муктаждыктарын, суроолорун чечүүгө активдүү жардам берүүгө белсенемин.
Ал эми, жалпылап айтканда күңгөй-тескей сөзсүз болот. Анткени, журналисттер коомчулукка маалыматты оперативдүү таратууну көздөйт. Айрым учурларда, басма сөз кызматындагылар, маалыматты тактап, аны жетекчилик менен макулдашуу керек болуп, күттүрүп койгон учурлары болот. Тил табышып иштөө, маалыматты так, оперативдүү берүү — пресс-катчылардан көз каранды.
—Өзүң иштеп жаткан тармакты кеңири чагылдыруу үчүн жетекчилик же басма сөз кызматы тарабынан дагы кандай багыттар, долбоорлор пландалып жатат? ММКларга эмнелерди сунуштамаксыңар? Деген менен, кызматташуу улам жаңы баскычтарга көтөрүлүп туруу керек эмеспи.
-Энергетик же энергетика деп эле айтылганы менен, анын ичинде аткара турган жумуштары ар түрдүү. Бул тармактын ички аки-чүкүсү көп, анын баары эле журналисттерге белгилүү эмес. Анан да өлкөнүн энергетика тармагы, анын потенциалы, багыттары, алдыдагы күтүүлөр, пландар тууралуу журналисттерге толук кандуу белгилүү болбошу мүмкүн. Биз алдыда ушул жагын да эске алалы деген ойдобуз. Андыктан, жогоруда айтып кеттим го, тегерек-столдорду, пресс-сессияларды, пресс-турларды өткөрүү зарылдыгы бар. Балким алардын суроо-талаптары менен башка да иш-чараларды караштырарбыз, бул эми келерки жылга пландарыбызда каралат да. Кандай болгон күндө да массалык маалымдоо каражаттары менен тыгыз иштешип, ошондой эле өзүбүздүн маалымат таркатуу инструменттерибизди колдонуп, калкка кенен, толук кандуу маалымат таркатуунү күчөтө беребиз. Бул коомдун, мамлекеттин, замандын талабы, чакырыгы.
—Басма сөз кызматынын иши улам күчөй бериш керек деп эсептейсиңби? Эмнеге? Деги эле бул кызматттын дагы да күчтүү, ар тараптуу болушу үчүн дагы эмнелер керек? Канткенде жаңы деңгээлге көтөрүлө алабыз?
-Сөзсүз түрдө. Анткени, ал мекеменин ишмердүүлүгүн даңазалап да, жокко чыгарып койгон да бул — маалымат катчылар. Анын ишинен мекемеде да, коом да бирдей көз каранды, демек, ушундан эле иштин мааниси көрүнүп турат. Деги эле басма сөз кызматынын ишине азыркы заманда талап да, зарылдык да күчөп жатат деп эсептеймин, себеби ар бир компаниянын өзүнүн маалымат саясаты болот. Ал саясатты басма сөз кызматынан башка эч ким ишке ашыра албайт, мында бул кызматты эч ким алмаштыра да албайт.
Басма сөз кызматы — компаниянын ишмердүүлүгүн жакшыртууга, ийгиликтүү келечегине реалдуу негиз түзүүнүн инструменти, маанилүү каражаты. Кайсы бир мекеме-ишкананын маалыматы коомчулукта жетишсиз болсо, ал жерде сын-пикир, өз ара ишенбөөчүлүк көп болот. Демек, ачык-айкындуулук өтө маанилүү жана компания менен коомчулуктун ортосундагы байланышты бекемдөө үчүн басма сөз кызматы өз жумушун жогорку баскычтарга көтөрүп, күчөй бериши керек.
Ар тараптуу ийгиликтүү болуш үчүн пресс-катчыга күн сайын жаңы билим, көндүмдөр, тажрыйбалар керек, күн сайын үйрөнүү, умтулуу зарыл. Мен мунун түшүнөм жана аракет кылам. Бизде, Улуттук Энергохолдинг компаниясынын демилгеси менен жыл сайын энергетика тармагындагы басма сөз кызматындагылар арасында атайын семинар-тренингдер өтүп турат. Бул сонун мүмкүнчүлүк.
Жалил САПАРОВ, журналист.
БИЗДИН ДОСЬЕ
Уметалиева Жыпариза Базарбековна 1986-жылдын 13-июлунда Токтогул районунун Жетиген айылында туулган. Билими жогорку, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) журналистика кафедрасында билим алып, журналист адистигине ээ болгон.
Адегенде 7 жыл бою Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясында иштеп, кийин ЖАМУда окутуучулук менен алектенген. Эки жыл “Сентябрь” телеканалынын башкы редактору болуп иштеп жүрүп, 2014-жылы “Жалалабатэлектро” акционердик коомунун басма сөз катчылыгына өткөн. Быйылкы сентябрдан баштап аталган компания “Жалал-Абад электр тармактары ишканасы” болуп өзгөрдү.
Билимин өркүндөтүү максатында “Телевидение мектеби”, “Азыркы жаңылыктар тележурналистикасы”, “Коммуникациялык стратегия”, “Медиа-реакциялар жана коммуникациялык колдоо”, “Мамлекеттик басма сөз кызматтарынын потенциалын жогорулатуу” жана башка аталыштардагы тренингдерге катышкан.
Ишиндеги ийгиликтери эске алынып, областтык мамлекеттик жетекчиликтин, район-шаарлардын жергиликтүү администрацияларынын Ардак грамоталары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төш белгиси, КР Ички иштер министрлигинин Алкыш баракчасы менен сыйланган.