Эми Кыргызстандын талааларында жана күнөсканаларында эрте жазда жетилген жашылча түшүмү Казакстандын керектөөчүлөрүнө жеткирилип турат. Себеби Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эрте жазда жетилген жашылча түшүмүн жөнөтүп туруу жана өз ара соода-сатыкты арттыруу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу “АПК Новости” басылмасына шилтеме берүү менен EastFruit платформасы жазып чыкты.
Алынган маалыматка караганда, бул документке Казакстандын премьер-министринин орун басары, Соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Кыргыз Республикасына келгенде кол коюлганы айтылат. Буга ылайык, тараптар өз ара соода-сатыкты арттыруу үчүн эрте жазда жетилген жашылча түшүмүн Казакстанга жөнөтүп турууга макулдашышты. Ошентип, Казакстандын Соода жана интеграция министри менен Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы түзүлгөн бул меморандум тараптардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу багытында жакшы кадам болуп калды.
Андан тышкары, тараптар кол коюлган меморандумдун алкагында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, ишкердикти жүргүзүүнүн тобокелдиктерин азайтуу жана электрондук документтерди алмашып туруу жагынан кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашууга жетишишти.
Казакстандын Улуттук статистика бюросунун билдиришинче, Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2022-жылдын январь-июнь айларынын аралыгында 495,7 миллион долларга жеткен. Бул өткөн 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,7 пайызга көптүк кылат. Анын ичинде Кыргызстанга экспорт 303,3 миллион долларды, импорт болсо, 192,3 миллион долларды түзгөн. Демек, Казакстан кошуна Кыргызстанга караганда экспорттук жактан кубаттуураак экени көрүнүп турат.