Саясат таануу профессорунун Ислам укугу боюнча китеби Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын эки сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу Бет Стеллс АКШдагы Нотр-Дам университетинин илимий изилдөөлөр боюнча сайтына кечээ, 7-сентябрда жазып чыкты. Анда жаш окумуштуунун эмгеги илимий коомчулук арасында жакшы бааланып жатканы айтылат.
Нотр-Дам университетинин Саясат таануу жана Укук мектебинин профессору Эмилия Жастин Пауэллдин 2020-жылы чыккан “Ислам укугу жана эл аралык укук: Талаштарды тынчтык жолу менен чечүү” аттуу китеби Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын (ISA) эки сыйлыгын жеңип алды. Пауэллдин 314 беттен турган китеби эл аралык укуктагы оригиналдуулугу, терең мааниси менен жана бул тармакка кошкон зор салымы үчүн ISAнын 2022-жылы “Эл аралык укук китеби” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал ошол эле эмгеги ( илимий эмгегинин сапаттары), динге жана эл аралык мамилелерге кошкон салымы үчүн ISA дин жана “Эл аралык мамилелер боюнча китеп” сыйлыгын алды.
Пауэлл 15 өлкөдө (анын ичинде Иран парламентинин Ислам изилдөөлөр борборунда) 30га жакын мекеме жана уюмдар тарабынан оң бааланган китеби жөнүндө «Мен эки сыйлыкты утуп алганыма ишене албай турам» — дейт. — «Бул мага адамдар идеяларды угууга ачык экенин көрсөтүп турат».
Китепте Исламдын укуктук салттары менен эл аралык укуктун ортосундагы айырмачылыктар жана окшоштуктар камтылган. Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбору бул китепти акыркы жыйырма жылдагы Ислам жана эл аралык мамилелер боюнча эң маанилүү эмгектердин бири катары сыпаттады жана ал борбор “Биздин жамааттык коркунучта гана көз жаздымда калтыра турган маанилүү түшүнүктөрдү жана билимди берет, — деп белгиледи. — Ал ислам маданияты боюнча казылар, саясатчылар жана диний лидерлерден интервью алуу үчүн көп жерди кыдырып, китепке ислам мамлекетинин ички мыйзамдары жөнүндө 60 жылга жакын аралыктагы баштапкы маалыматтарды камтыйт”.
Ислам укугу өкүм сүргөн 29 мамлекетте 900 миллион мусулман этикалык, адеп-ахлактык, доктриналык же саясий жактан исламдын укуктук салтына — талаш-тартыштарды талашпай (конфликт аркылуу эмес) чечүүгө негизделген адилеттүүлүк маданиятына берилген.
“АКШдагы айрым адамдар, анын ичинде айрым журналисттер жана окумуштуулар ислам мыйзамдарын туура эмес түшүнүп, ошол түшүнбөстүктөр уланып жатат”, — деди Пауэлл.
Китеп тууралуу буга чейин ал коркутуп-үркүтүүгө кабылып, Америка Кошмо Штаттарына Ислам мыйзамдарын алып келүүгө аракет кылган деген жалган жалаага кабылган. Анын айтымында, билим берүү — коркуу жана ишенбөөчүлүктү жок кылууга жардам бере алат жана анын студенттери ар бир семестрде Ислам мыйзамдары жана башка темалар боюнча билимин, түшүнүгүн жана көз карашын өөрчүткөн сайын канчалык аалым болуп өсүп жатканын өз көзү менен көрүп турат.
«Эгер биз бул системалардын ортосундагы окшоштуктарга көңүл бурсак, дүйнө тынчыраак болушу мүмкүн» — деди ал.
Ушул күздө Пауэлл Вашингтондогу Султан Кабус маданий борборунда изилдөөсүнүн жыйынтыктары менен бөлүшөт — бул Оман менен АКШнын ортосундагы өз ара урматтоону жана түшүнүүнү кубаттайт.
Тэги польшалык болгон Пауэлл жакында эле Польшада болуп өткөн Эл аралык укук жана Холокост жөнүндөгү 3 жумалык курсту окутуп кайтып келген. Ал эми Пауэллдин чоң атасы Польша армиясынын офицери, согуш туткуну болгон. Ал эркиндикке чыккандан кийин анын салмагы 80 фунтка (36 килограммдан ашыгыраак) түшүп жеткен.
Бул жылы ал дүйнөлүк кырдаал курч болгону үчүн кошумча күчтүү контекстти камсыз кылганын айтты. Нотр-Дамдын студенттери Экинчи Дүйнөлүк Согуш маалында нацисттердин поляк элине жасаган мыкаачылыктары жөнүндө билишти. Ал эми азыркы реалдуу учурда Польшанын коңшусу болгон Украинага каршы Россия кол салып, согушуп жатат.
Күн сайын бир саатты араб тилин өркүндөтүүгө жумшаган Пауэлл учурда өлкөлөр ортосундагы аймактык жана деңиз талаштарын тынчтык жолу менен чечүү тууралуу кезектеги китебинин үстүндө иштеп жатат. «Менин изилдөөм мени көптөгөн жерлерге — Оманга, Кувейтке, Алжирге алып барды. Ошол жерлердин баарында мени укмуштуудай меймандостук менен тосуп алышты», — дейт ал.
Англис тилинен которгон Эркинбек КАМАЛОВ.