ЭТСИЗ ЖАШАЙЛЫБЫ?
Башкаларды билбейм, бирок кыргыз калкында этсиз жашоо мүмкүн эмес. Тамактануу маданияты, дегеле жашоо образы этке катуу байланып калган. Мал багып, чүйгүн тамак бышырып, казы-карта жебесе, анда жашоо супсак болуп калары бышык. Бирок, окумуштуулар эттин, дегеле малдын адамзат жашоосуна тийгизип жаткан терс жактары тууралуу да кабар берип койгулары келишет. Алардын кебине кулак салып көрөлүчү.
Мал экологияны бузат
Мал чарбачылыгы Жер планетасындагы экологияны бузган эң башкы факторлордон болуп саналат экен. Бул тармак парник кыртышын түзгөн бардык буулануулардын 20 пайызын чыгарат, бул деген дүйнөдөгү бардык автоунаалардыкынан кыйла көп. Ошондой эле мал чарбачылыгы эң баалуу токойлор кыркылып жаткан ири масштабдагы айыл чарба жерлерин ээлеп турат. Тээ 1950-жылдан бери карай мал чарбасынын пайдасы үчүн тропикалык токойлордун 50 пайызы кыркылып кеткен.
Анан да мал чарбачылыгынын зыяны мындай экен: ал 9 пайыз көмүр кычкыл газын (СО2) чыгарат; атмосферага чыккан метандын 37 пайызын камсыз кылат, ал деген планетаны көмүр кычкыл газына караганда 23 эсе көбүрөөк ысытып жиберет; кислота жамгырын пайда кылган амонийдин 64 пайызын пайда кылат; көмүр кычкыл газына караганда глобалдуу ысып кетүүнү 296 эсе күчөткөн 65 пайыз азоттун оксидин иштеп чыгарат.
Би-Би-Синин билдиргенине караганда, Франциядагы 20 миллион уй өлкөдөгү бардык парник газдарынын 6,5 пайызын чыгарышат, себеби жыл сайын бодо малдар 26 миллион тонна метанды абага айдашат. Тээ 2009-жылы эле Улуубританиянын Саламаттыкты сактоо министри Эндрю Бернем эгер малдын баш санын 30 пайызга кыскартса, анда айыл чарба сектору 2030-жылга карата көмүр кычкылтегин ошол кездегиден 50 пайызга аз чыгарарын айткан. Ошонун натыйжасында жүрөк ооруларынан набыт болгон кишилердин саны жылына 18 миңге азаймак экен. Бир сөз менен айтканда, эгер адам эт жешти азайтса, экология кыйла жакшырып калмак.
Эт жана рентабелдүүлүк
Азыркы учурда дүйнөдөгү фермерлердин колунда 16,8 миллиард мал бар, бул адам санынан эки жарым эсеге көп. Ал эми мал адамга караганда көбүрөөк жейт. Эт багытында багылып жаткан малдар белокту көп пайдаланып, бирок аз чыгарышары эсептелип чыккан. Малга 10 килограмм дан азыктарын берип, 1 килограмм гана эт аласың, калганы кык болуп чыгып кетет. Бир килограмм уй этин өндүрүү жана зарыл жерге жеткирүү 100 ваттык электр шамын 20 күн бою жагып койгондой кубатты талап кылат.
Анан малды багыш керек, ага жайыт да камсыз кылыш керек. Ошондуктан да кээде бодо малга тоютту алыстан сатып алган же ошол жакка малды айдап барган арзан түшөт. Мисалы, АКШ Гаитини ушундайча пайдаланат – ал деген дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири, анын асыл кыртыш жерлеринин көбү америкалык уйлар үчүн беде өстүрүүгө колдонулат. Еврошериктештик да малга тоютту эң көп импорттогон өлкөлөрдөн, тоюттун 60 пайызы түштүк өлкөлөрдөн сатып алынат.
Мал сууну да көп керектейт
Азыркы тапта АКШ суу кризисин баштан кечирип жатат. Суунун тартыштыгы – Жер шарынын малга байланышкан дагы бир глобалдуу көйгөйү. Үч жыл мурун Стокгольмдагы Эл аралык суу институту этти көп пайдалануунун мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу доклад жарыялаган. Докладдын авторлорунун бири Малик Фолкенмарк минтип айтат: “Эгер адамзат мындан ары да азыркы тенденцияларга баш койсо, батыш маданиятына таандык рационго өтүп алса, анда 2050-жылы 9 миллиард кишини бакканга суу жетишпей калат. Эгер кишилердин рационундагы эттин пайдаланылышы 5 пайызга төмөндөсө, суу жеткиликтүү болот”.
Докладда Жер шарындагы ичүүгө жарактуу суунун 70 пайызы айыл чарбасына пайдаланылып жатканы да айтылган. Анын өлчөмү жыл сайын өсүп да барат. Алдыдагы 30 жыл ичинде энергияга болгон муктаждык болжол менен 60 пайыз жогоруламакчы. Ал эми мал чарбасы сууну көп “ичет”. Бир порция уйдун этин өндүрүү үчүн 4542 литр, бир порция тоок этин өндүрүү үчүн 1249 литр суу керектелет.
Баарыбызга тамак жетет
Рентабелдүүлүгүнө шек туулган эт өнөр жайына дүйнөдөгү ачарчылыкка себеп катары карашат. Бүгүнкү күндө миллиардга жакын адам ачарчылыктын туткунунда. Деген менен, АКШнын статистикасын алып карасак, буурчактын 90 пайызы, жүгөрүнүн 80 пайызы жана дандын 70 пайызы этке союлуучу малга берилет. Бул азыктардын көлөмү эч болбогондо 800 миллион кишини бакканга кенен жетмек.
Бүгүнкү күндө баарынын эле эт жегенге мүмкүнчүлүгү жок. Улуубританиянын өкмөтүнүн экология боюнча кеңешчиси сэр Криспин Текэлдин айтымында, логика боюнча алып караганда Жер шарынын калкы бирдей эт жеп жашай албайт. Планетада ага зарыл ресурстар жетишпейт. Болгону 2,5 миллиард (бардык калктын жарымынан азыраагы) киши керектүү калориянын 35 пайызын алуу үчүн эт менен тамактана алат.
Этти АКШ да көп жешет – жылына ар бир кишиге 112 килограммдан туура келет, Улуубританияда ар бир киши жылына 71 килограмм эт жейт. Индияда – эки килограмм. АКШда 7-13 жаштагы балдар апта сайын 6,5 гамбургер жеп турушат. Америкадагы бат тамактануучу ресторандар тармагы жылына 6,7 миллиард гамбургер сатышат. Криспин Текэл мындай дейт: “Эгер бүт дүйнө вегетариандык тамактанууга өтсө – өсүмдүк жана сүт, быштак жана май сыяктуу сүт азыктары менен тамактанса, азыркы убакта эле 6 миллиард кишини бакканга мүмкүндүк болмок”.
Этти эмне менен алмаштырабыз?
Чочконун клеткаларынан жасалма этти өндүрүп жатышат, бирок этти жакшы көргөндөр ага дароо өтө коюшу күмөн. Андан жасалган котлет азыр 300 доллардан кымбат экен. Адамдар шашлыктан, куурдактан оңой менен баш тартышпайт, бирок келечекте бүгүнкү өлчөмдөгүдөй эт жеши да кыйын. Биринчиден, ага акча жетишпейт. Эттин баасы азыртан баштап эле көтөрүлүүдө. Дагы жүз жылдан кийин ал сейрек желчү тамакка айланат, ал эми мал багуу коомдун жогорку катмарынын гана колунан келип калат. Ал эми келечекте этти алмаштыруучу катары футурологдор курт-кумурскаларды аташууда. Азырынча ал күчүнө кире элек, бирок рынокту барган сайын ээлеп баратат.
Иши кылса, дагы кайсы бир мезгил өткөн соң Жалал-Абаддын ресторандарында, чайканаларда курт-кумурскаларды куурутуп калбасак эле болду.
Жалил САПАРОВ.
“Жизнь и наука” сайтынын материалдарынан пайдаланылды.