Өзбекстан өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун толугураак камсыз кылуу максатында АКШдан кошумча 2 миллон доллар жардам алды. АКШ бул каражатты Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) аркылуу бөлүп берген. Максат – дүйнөлүк азык-түлүк каатчылыгы убагында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу жагынан потенциалын чыңдоо. Бул тууралуу АКШнын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматына таянып, Gazeta.uz сайты билдиргенин EastFruit платформасы жазып чыкты.
Бул каражат карапайымы калктын азык-түлүк коопсуздугуна жана минералдык жер семирткич өндүрүүчүлөргө жардам катары берилмекчи. АКШ элчилигинин билдиришинче, дыйкандардын жогорку сапаттагы арзан минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүккө, түшүмдүн көлөмүнө, тармактагы жумуш орундарына таасир этет. Кошумча каражат берүү менен айыл чарбасында өндүрүштүн жаңы технологиясын өздөштүрүүгө, дыйкандарды агротехникалык жаңы ыкмаларга окутууга, ошентип арбын өнүмдү камсыз кылууга болот.
Эскерте кетсек, пандемия мезгилинен баштап ушул күнгө чейин ансыз деле баасы кымбат эсептелген минералдык жер семирткичтердин наркы эки эсе жогорулап кеткен. Эми бул берилген каражаттын эсебинен ички жана тышкы рынок үчүн жогорку сапаттагы көп продукция өндүрүү жана 5000 дыйкан-фермерди жаңы минералдык жер семирткичтерди колдонууга окутуу иштери алып барылат.
Мындай жардам АКШ тарабынан 50 өлкөгө багытталган жана жакырчылыкты жоюу максатында берилип келет. Орусия Украинага кол салган күндөн бери дүйнөлүк азык-түлүк кыйынчылыгын жоюу үчүн 7,6 миллиард доллар жардамдар таркатылган.