АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясына карата россиялык ишканаларга каршы санкциялык режимди бузганы үчүн чектөөлөрдү киргизди. Бул компания башка өлкөлөрдүн компанияларынын катарында Россиянын аскердик-өнөр жайлык комплексин колдоого шектелүүдө. Бул тууралуу gazeta.uz жазып чыкты.
Алынган маалыматка ылайык, кечээ, шейшемби күнү АКШнын Соода министрлиги 9 өлкөнүн 36 компаниясын АКШнын эл аралык санкциялар тууралуу мыйзамдарын бузганы үчүн америкалык технологияларга жана товарларга жетүү мүмкүндүктөрүнө чек койду. Бул чектөөгө Кытайда орун алган 25 компания кирген, калгандары Россиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Литвадан, Пакистандан, Улуубританиядан, Вьетнамдан жана Өзбекстандан.
Чектөөгө Өзбекстандагы жеке менчик Promcomplektlogistic ишканасы да кошулган. Кытай дагы, Литвадагы, Вьетнамдагы жана Улуубританиядагы ишканалар сыяктуу эле бул компания Россиянын аскердик-өнөр жайлык комплексин колдоого шектүүлөр тизмесине кирип калды. Ошентип, АКШ бул ишканалар Украинага орус аскерлери киргенден кийин салынган санкциялык режимди бузду деп эсептейт.
Буга чейин, ушул жылдын 3-мартында АКШнын Мамлекеттик департаменти Россиянын коргонуу өнөр жайы үчүн чет элдик продукцияларды жана электрондук тетиктерди сатып алууга адистешкен “Радиоавтоматика” ишканасын санкциялык тизмеге киргизген болчу. Ал эми Өзбекстандын Promcomplektlogistic ишканасы “Радиоавтоматика” ишканасын активдүү колдоп, анын санкциялык режимди кыйгап өтүү аракетине жардам бергени, өнөктөшүнө чет элдик электрондук тетиктерди, микросхемаларды берип турганы үчүн кошумча (вторичный) санкциялык тизмеге кошулган. Promcomplektlogistic ишканасы орус өнөктөшүн материалдык жактан демөөрлөп, технологиялык жактан колдоп турган, товардык-тейлөө кызматтарын көрсөткөн.
Эми Promcomplektlogistic ишканасы АКШнын Соода министрлигинин тизмесине да кирип, бул ишкана менен иштешкиси келген америкалык компаниялар атайын лицензия алышы керек болот. Мамлекеттик департамент бул ишканалардын “кара тизмеге” кириши санкцияга кирген ишканалар менен иштешүүнүн кооптулуугу тууралуу дүйнөлүк бардык юридикалык жактарга эскертүү экенин билдирди.
Алынган маалыматтар боюнча, Promcomplektlogistic ишканасы 2018-жылы июль айында Ташкентте катталган. Негизги ишмердиги кургак жерде жүрүүчү унаалар менен тейлөө болуп саналат. Анын түзүүчүсү Олег Граблин деп көрсөтүлгөн.