Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейинин мугалимдер тобу “Мектеп-2030” долбооруна катышып, Ага хан” фондунан 2000 доллар грант утуп алышты. Бул лицейдин тарыхында биринчи жолу жүз берди жана ал лицейде билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым катары бааланды. Бул тууралуу аталган лицейден билдиришти.
Аталган лицейдин “Дизайн” командасындагы мугалимдери Т. Ж. Кулуева, Н. Т. Бийназарова, Т. Т. Султанова жана С. Т, Искенова “Мектеп-2030” долбоорунун алкагында “Адамга багытталган дизайн ой-жүгүртүү” багытында аракет кылышып, долбоордун шарттарында каралган бардык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштура алышкан. Натыйжада, долбоор тарабынан алардын аракети жогору бааланып, 2000 долларлык грант алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
“Ага хан” фондусу тарабынан аталган 2000 доллар грантка планшет, проектор, ноутбук, түстүү принтер, кагаз, папкалар, жумушчу дептерлер, методикалык китептер жана башка керектүү буюмдар берилет. Бул болсо, лицейде окуучуларды терең билимге каныктыруу, жаңы көндүмдөргө тарбиялоо ишин кыйла жакшыртмакчы.
-Менин эң башкы максатым – билим сапатын жакшыртуу. Жогорудагыдай активдүү, чыгармачыл изденүүсү жогору мугалимдерди колдоп, аларга ар тараптуу шарт түзүп берүү — жетекчи катары менин милдетим. Өз кесибин сүйгөн мыкты мугалимдерибиз көп, билим берүү багытында ар кандай сынактарга, долбоорлорго катышып, байгелерге жетишип келишет, — дейт лицейдин директору Руслан Туйбаев.
Эскерте кетсек, Сокулук районунда жалпы билим берүүчү 48 мектеп бар, алардын ичинен Сокулуктагы Чыңгыз Айматов атындагы Новопавловка №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейинин окуучулары райондук олимпиадада 29 орунду ээлешип, биринчиликти камсыз кылышкан. Бир канча жылдан бери алдыңкылыкты колдон чыгарбай келишет. Лицейде 178 мугалим 5000ден ашуун окуучуларга билим-тарбия берип келишүүдө.
Тазагүл ШАМШИЕВА, журналист.