Кошуна Өзбекстан өзүнүн ички керектөөлөрүн камсыз кылуу максатында быйылкы жылдын башынан бери 100 миллион долларлык көлөмдө бензин импорттоду. Мында өлкөгө бензин саткан негизги экспорттоочуларды катарында Ирак өлкөсү да болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетине шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Алынган маалыматтарга караганда, Өзбекстан быйылкы январь-август айларында 100 миллион долларга 281,6 миллион литр автоунаалар үчүн бензин импорттогон. Ошентип, өлкөгө бензин импорттоо көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуку 3,2 эсеге көбөйгөн. Быйылкы август айында эле Өзбекстанга 7 миллион литр бензин импорттолду. Ошол эле кезде быйылкы 8 ай ичинде Өзбекстан өзү 730 миң тонна бензин өндүргөн.
Быйылкы жылы Өзбекстанга төмөнкү өлкөлөрдөн бензин импорттолду:
-Россядан – 139 миллион литр.
-Түркмөнстандан – 121 миллион литр.
-Казакстандан – 16 миллион литр.
-Ирактан – 3,6 миллион литр.