Базар-Коргон районун реалдуу секторунда акыркы мезгилде туруктуу өсүү катталууда. Быйылкы жарым жылдыкта чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү район боюнча 1 миллиард 272 миллион 248 миң сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилиндеги көлөмүнө салыштырмалуу 117,4 пайызга, 2021-жылдын божомол планына салыштырмалуу 116, пайызга өсүү болду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Ошондой эле, акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмү да өсүп, жалпы район боюнча 219 миллион 209 миң 600 сомду түздү. Өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 178,4 пайызга, ал эми 2021-жылдын божомол планына карата 177,5 пайызга ашыкча аткарылды.
Капиталдык салымдарды өздөштүрүүнүн багытында да ушундай эле өсүү катталган. Анын көлөмү быйылкы жарым жылда 503 миллион 839 миң 200 сомго аткарылып, 2020-жылга салыштырмалуу 156,9 пайызга өстү, же 182 миллион 730 миң 600 сомго көп аткарылды.