Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган акыркы чырдан улам түзүлгөн соңку кырдаал боюнча облустук мекем-ишканалардын жетекчилери менен жыйын курду.
Облус башчысы биринчи кезекте жарандардын өрттөлгөн турак үйлөрүн ыкчам куруу иштери менен катар, алардын чек арадагы окуяда жоголгон, өздүгүн тактоочу документтерин дагы толук бойдон калыбына келтирүү иштерин тездетүүнү тапшырды. Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган. Жакынкы күндөрү 17 жарандын паспорту өз ээлерине тапшырылат.
Ошондой эле Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чек ара аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТ маселесин дагы көтөрдү. Орун алган окуяларга байланыштуу жана Баткен облусунун өлкө борборунан алыстыгын жана шартынын катаалдыгын эске алып, ЖРТнын босого балын төмөндөтүү, жеңилдиктерди ыйгаруу боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды. Абдикарим Алимбаев жетекчилерге облустун ар бир айылын мектеп, бала бакча, спорт аянтчасы жана ФАП менен камсыздоо боюнча программа даярдоо, эл аралык кызматташууну жандантуу менен аймакка инвестиция тартуу, алыскы айылдарда жумуш орундарын түзүүчү ишканаларды куруу, жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн сугат суунун жетиштүүлүгүн камсыздоо маселелерин дагы кабаргасынан койду.
Облус жетекчиси Абдикерим Алимбаев жетекчилердин кайдыгер мамилесин катуу сындап, облустагы акыркы кырдаалга байланыштуу бардык мамлекеттик мекеме-ишканалар мындан ары күчөтүлгөн тартипте иштөөсү талап кылынаарын дагы баса белгиледи. Ошондой эле облуста кырдаалды толук турукташтыруу, чек ара аймактарында калыбына келтирүү жумуштарын бүткөрүү, жарандарды турак жай менен камсыздоо, аларды мурдакыдай жай турмушка алып келүү боюнча ар бир мамлекеттик мекеменин жетекчисине зор жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн баса белгилеп, жыйынга келбеген жетекчилерге катаал тартип чаралары көрүлөөрүн катуу эскертти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист.