Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билдиргенине караганда, быйылкы жылы ачкалыктан каза болгондор саны белгилүү болду. Бул тууралуу 2020-жылдын 13-октябрында Reuters маалымат агенттигине шылтеме берүү менен lenta.ru жазып чыкты.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдиргендей, быйылкы жылы кеминде эле 7 миллион киши ачкалыктан каза болду. Буга, албетте, пандемиянын айынын келип чыккан экономикалык төмөндөөлөр, эркин соода жүргүзүүнүн токтоп калышы, трансулуттук чектөөлөр себеп. Эми бул көйгөй менен күрөшүүгө жакынкы жарым жыл ичинде 6,8 миллиард доллар каражат талап кылынат.
Быйыл июль айында пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр бир катар өлкөлөрдө айыл-кыштактарды азык-түлүк жана медициналык тейлөө менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратканы, массалык ачарчылыктын келип чыгуусунан дүйнө боюнча ай сайын 10 миң бала набыт болуп жатканы тууралуу маалымдалган эле. Мисалы, Буркина-Фасодо ар бир бешинчи бала курсагы тоё тамак жеген эмес. Өлкөдө азык-түлүктүн баасы тездик менен көтөрүлүп, 20 миллион калктын 12 миллионуна тамак-аш жетишсиз болду.
Дэвид Бизли быйыл жылдын апрель айында дүйнө боюнча болуп көрбөгөн масштабда ачарчылык жүз бериши ыктымалдыгы, анткени азык-түлүк жетишсиздиги келип чыгаары тууралуу эскерткен. Ал эми мындай кыйынчылыктан чыгып кетүү үчүн ар кайсы өлкөлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында чогуу аракет жасашы зарылдыгын белгилеген.