Өзбекстан быйыл өлкөгө кирип жаткан бензин импортун 30 эсе көбөйттү. Өзбекстанга бензин жөнөткөн өлкөлөрдүн сап башында Казакстан менен Россия турат. Экспортёрлор арасында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыккан.
Өзбекстандын мамлекеттик статистика органдарынын берген маалыматында, быйылкы жылы сегиз айда өлкөгө 90,1 миллион литр бензин кирген, бул 2019-жылга караганда 87 миллион литрге көптүк кылат.
Кошуна Казакстан Өзбекстанга бензин экспортунун көлөмү боюнча алдыңкы орунда турат. Быйылкы жылы Казакстан 47,7 миллион литр бензин жөнөткөн. Экспорттун көлөмү боюнча экинчи орунда турган Россия 36,5 миллион литр жөнөткөн. Ал эми үчүнчү орунда турган Түркмөнстан Өзбекстанга 5,6 миллион литр экспорттоду. Экспортёрлордун арасында Кыргызстан да бар, ал 232,1 миң литр жөнөтүп, төртүнчү орунду камсыз кылган.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын озү быйыл 1-сентябрга карата 694,2 миң тонна бензин өндүргөн.