www.versia.kg
Понедельник, Ноябрь 16, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛАСТЫ: ЖАРЫМ ЖЫЛДЫКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ОРТОЧО

25.07.2020
0 0
0
SHARES
141
Просмотры
Бөлүшүү

Быйылкы биринчи жарым жылдыкта Жалал-Абад областынын жалпы эл чарбасында өнөр жайы менен айыл чарбасында абал туруктуу болуп, калган тармактарда өткөн жылдын деңгээлиндеги өсүш камсыз болбоду. Таажы вирусуна байланышкан экономикалык чектөөлөр ойдогудай өсүштүн болушуна жол берген жок.

КР Экономика министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнөн алынган маалыматтарга караганда, быйылкы алты ай ичинде салыштырма баалар менен алганда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн индекси 101,9 пайызга, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүү темпи 103,2 пайызга аткарылып, ал эми негизги капиталга инвестиция тартуу 80,2 пайызга, автотранспорт менен жүк ташуу 85,5 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу 53,2 пайызга, рыноктук кызматтардын көлөмү 78,2 пайызга, чекене товар жүгүртүү 77,8 пайызга, акылуу кызмат көрсөтүү 89,9 пайызга гана аткарылган.

Быйылкы жарым жылдыкта областтын өнөр жай тармагында 13 миллиард 741,8 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп алынды жана жалпы республиканын көлөмүнөн областтын үлүшү 8,9 пайызын түздү.

Областын район-шаарлары боюнча алганда өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи Ала-Бука районунда 105,7 пайыз, Аксы районунда 115,8 пайыз, Базар-Коргон районунда 108,6 пайыз, Ноокен районунда 123,9 пайыз, Токтогул районунда 116,7 пайыз, Чаткал районунда 118,5 пайыз, Жалал-Абад шаарында 107,9 пайыз, Таш-Көмүр шаарында 104,6 пайыз аткарылды.  Ал эми Сузак районунда бул көрсөткүч 76,7 пайызга, Тогуз-Торо районунда 74,5 пайызга, Кара-Көл шаарында 96,4 пайызга, Майлуу-Суу шаарында 67,3 пайызга араң жетип, өткөн жылга салыштырмалуу  объективдүү жана субъективдүү себептер менен өндүрүлгөн продукциянын физикалык көлөмүнүн өсүшүн камсыз кыла алышпады.

Мурдагы пост

COVID-19: СЫНООЛОР ЧОГУУ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ, АРАКЕТТИ ТАЛАП КЫЛАТ

Кийинки пост

КР ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУЛАРЫНЫН СОЮЗУНУН АЙМАКТЫК ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ

Кийинки пост
КР ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУЛАРЫНЫН СОЮЗУНУН  АЙМАКТЫК ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ

КР ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУЛАРЫНЫН СОЮЗУНУН АЙМАКТЫК ӨКҮЛҮ ДАЙЫНДАЛДЫ

www.versia.kg

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укуктар корголгон © 2026 Versia.kg

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In