COVID-19 пандемиясынын кесепетинен акыркы жыйырма жылдан кийин биринчи жолу миллиондогон жашы жете элек балдар иштөөгө аргасыз болушу мүмкүн. Буга чейин балдардын эмгегинин масштабы улам кыскарып келген эле. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) жана Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) изилдөөлөрүндө айтылат. Бул изилдөөлөр 12-июнда белгиленүүчү Балдар эмгеги менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата жарыяланган.
Эске сала кетсек, 2000-жылдан бери карай иштөөгө аргасыз болгон балдардын саны 94 миллионго азайган эле, бирок пандемия бул жетишкендикти чийип сала турган болду. Азыркы жүз берген кризис жакырчылыкты күчөтүп, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн балдары иштөөгө мажбур болот. Айрым изилдөөлөрдө айтылгандай, кээ бир өлкөлөрдө жакырчылык деңгээлинин бир пайыз өсүшү балдар эмгегинин масштабын жок эле дегенде 0,7 пайызга жогорулашын камсыз кылат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө иштеп жаткан балдардын саны 152 миллионду түзүп, бул 5тен 17 жашка чейинки балдардын ар бир онунчусу эсептелет.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Фордун айтымында, кризис учурундагы үй-бүлөнүн эптеп жашап кетүү жолдорунун бири – балдардын эмгеги. Алынган маалыматтарга караганда, карантинден улам 130 өлкөнүн миллиарддаган окуучулары окуй албай калышты. Мектептер өз ишин баштаган кезде да ата-энелер балдарын мектепке жөнөтө албай калышат. Балдар аргасыздан иштөөгө мажбур болуп, жумуш убактысы узарышы, иштөө шарттары начарлашы мүмкүн. Бул болсо балдардын ден соолугуна, коопсуздугуна өтө эле коркунуч келтирет.
МОТ эскерткендей, Балдардын эмгегинин эң начар формаларын жоюу боюнча конвенция 18 жашка чейинки балдарды алардын ден соолугуна, моралдык жана психикалык абалына терс таасир берүүчү ишке тартууга тыюу салат. Азыркы тапта 5тен 17 жашка чейинки бардык балдардын 99,9 пайызы ушул келишимге кирген өлкөлөрдө жашап турушат.
