Таажы вирусу жайылып, өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, өзгөчө абалга байланыштуу жарандардын саламаттыгынын кызыкчылыгында мечиттер да жабылган эле. Эми гана Таажы вирусу менен күрөшүү боюнча республикалык штабынын чечими менен мечиттерде жамааттык намаздарын окууга уруксат берилди. Эртеңден баштап жума мечиттеринде биринчи жолу намаз окууга киришишмекчи. Ушуга байланыштуу таажы вирусунун мусулмандар чөйрөсүндөгү таасири, азыркы абал тууралуу Жалал-Абад областынын казысы Абдулализ ажы Закировго бир катар суроолор менен кайрылдык.
— Өлкөнүн коомчулугу таажы вирусуна байланыштуу карантинде отурду, карым-катнаш чектелди. Мечиттер да жабылып, бир топ аргасыз ыңгайсыздыктар түзүлдү. Ошол эле кезде социалдык тармактарда илдеттин жайылышына дааватка же умрага барган мусулмандарды айыптоолор болду. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
— Бисмиллахи-рахмани-рахим! Мэримдүү, райымдуу Жараткандын ысымы менен. Алла таалага мактоолор жана сүйүктүү пайгамбарыбызга салам-салаваттар болсун.
Дүйнө жүзүн каптап жаткан таажы вирусу Кыргызстанга келгенде да биз үчүн кыйын учурлар болду. Себеби узак тарыхта мындай нерсе биринчи жолу болду десек жаңылыштык болбос. Сурамжыласак, биз билген тарыхта мечиттер жабылып калган мындай окуя белгисиз экен. Беш убак намаз окулуучу мечиттердин жабылышы биздин заманыбызда биринчи жолу болгонун аксакалдарыбыздан уктук.
Ооба, илдеттин таркалышына умрага барган мусулмандарды айыптоолор болду. Биздин айтаарыбыз, бул да бир себеп болуп калды, мунун артында көп жакшылыктар бар. Бир кыйынчылык келсе, анын артында эки жеңилдик бар дейт. Коомубузда ар кандай адамдар бар, айрымдары башында ачууга алдырып, ар кандай айыптоолорду айтышты. Умра ибадатына барбай эле койсоңор болмок, деген пикирлер айтылды. Чынында таажы вирусу чуу менен жайылганга чейин Кыргыз мамлекети чет жакка чыгуугу тыюу сала элек болчу. Ошол себептүү да мусулмандар умра ибадатына барып-келип жатышты.
Дагы бир нерсени айта кетели. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2020-жылы умра ибадаты боюнча биринчи жолу ишин баштады. Буга чейин бул маселе менен туристтик фирмалар иштеп келишкен эле. Ошол дин башкармалыгы тарабынан умра ибадатына барып келгендердин ичинен илдет жуктуруп алгандары аныкталган жок. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги муфтиятка эскертме бергенден кийин умрага баруу иши дароо токтогон. Биз умрага барып келгендерден телефон байланышы аркылуу кабар алып, алардын илдетке чалдыкпаганына күбө да болгонбуз.
-Социалдык тармактардагы ошондой айыптоолор, каршы пикирлер мусулмандар арасында дискомфорт жараттыбы? Кантсе да бул жагымсыз нерсе да.
-Албетте, жагымсыз нерсе. Бирок, мен бир нерсени эске сала кетмекчимин. Умра ибадаты бул эс алып, сейилдеп келүү үчүн арналбайт. Жүрөгүнө ыйман уялаган адамдар ыйык жайларга барсам, жакшылыктарга эгедер болсом деп ниет кылып, атайын үмүт менен барышат. Ислам маданиятында ыйык жайлар, тоолор бар, ыйык Мекке шаары бар. Мекке шаарына ыйык деген статусту Кудай өзү берген, аны жөн эле пенде атап койгон эмес. Ал ыйык жер бардык адамдарды бириктирүүчү, бир тууган кылуучу жер. Азыркы биздин жашообузда теринин түсү боюнча терс окуялар болуп жаткан кезде анын мааниси эбегейсиз.
Ал ыйык жайда адамдар баары бири-бирине бир тууган экенин сезишет, мээримин төгүшөт. Ал жакка барып келгенден кийин адамдардын дээрлик сексен пайызында жандүйнөсү, рухий жашоосу мурдагыдан оң жагына өзгөрүшөт, адеп-ахлактуу, адилеттүү, ыймандуу болушат, терс кыял-жоруктары калып калат. Бул да болсо, ошол ыйык жердин таасири. Ошондуктан да умра ибадатына баргандарды жаман көрүү – жакшы эмес. Эгер бул илдет бизге келсе, башка бардык жактар менен, жолдор менен деле келмек. Кошуна мамлекеттерге деле умрадан болбосо, башка жактардан бул илдет келди.
Албетте, динди туура түшүнбөгөн, динди урматтабаган адамдар ачууга алдырып, социалдык тармактарда ар кандай комментарийлерди жазып жатышты. Бирок, биз бул көрүнүштү сабырдуулук, түшүнүү менен кабыл алдык. Анткени сабырдуулук жакшылыктардын эшигин ачат, ал бейиштин ачкычы. Мына, Кудайга шүгүр, убакыт өттү, баары өз жолуна түштү.
-Карантинден кийин элдин күнүмдүк тирикчиликте карым-катнашы жана соодасы кайрадан күчөй баштады. КР Штабынын маалыматы боюнча Ковид-19 илдетине чалдыккандар саны тездик менен өсө баштаганы байкалат. Ушундай абалда мечиттер ачылып, жума намаздарга да уруксат берилди. Жамааттык намаздар аркылуу оорунун мындан ары да күчөп кетпеши үчүн сиздерде кандай шарттар түзүлдү?
-Дароо эле айтып кетким келет, динибизде жамаатта береке бар деп айтылат. Ар бир ишти жамаат менен аткарууда береке бар. “Көп түкүрсө, кол болот” дегендей, жамаат менен намаз окугандагы мечиттин атмосферасы өзгөчө болот. Бул боюнча сүйүктүү пайгамбарыбыздын да жакшы осуяттары бар. Ошондуктан да биз беш убак намазды жамаат менен мечитке барып окуйбуз.
Мына эми Кудайга шүгүр, 8-июндан таажы вирусуна каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабы менен менен өлкөнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы бул маселени карап, мечиттерде намаз окууга уруксат берилди. Намазга уруксат берүүдө атайын талаптар болду. Себеби таажы вирусу биротоло жок болуп кете элек, дагы эле бар. Жамааттын өмүрү, ден соолугу дагы эле кооптуу абалда турат. Беткапты тагуу, бир жарым метр аралыкта туруу, антисептиктерди дайыма колдонуу, киргендердин дене табын текшерүү талаптары адилеттүү коюлду деп ойлойбуз.
Бүгүнкү күндө областыбызда 686 мечит болсо, анын 255и чоң мечиттер. Өзгөчө жума мечиттерине эл жыш келгендиктен, биз жума намазына карата даярдыктарды, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мечиттердеги килемдердин ар бир 1,5 метрине белгилерди коюп чыктык. Андан тышкары, муфтияттан бизге атайын буйрук келген, ал боюнча саат 13.10дө жамаат келип жайгаша баштайт, саат 13.25ке чейин имам жамаатка 1,5 метр аралыкты сактап турууну көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин алып барат. Саат 13.25те азан айтылат жана намаз окулат. Мурда 10-15 мүнөт окула турган хутбалар 2-3 мүнөттө бат бүтүрүлүп, кыска сүрөөлөр окулуп, жамаатты батыраак бошотконго аракеттенебиз. Саат 13.45те намазга келген жамаат мечиттен чыгып кетиши керек.
Мурда намаздан кийин жамаат мүчөлөрү бири-бири менен саламдашып, кучакташа көрүшүп келсе, эми буга тыюу салынды. Анан калса, азыр кооптуулук барлыгын эске алуу менен мечитке жашы өтүп калган, дене табы жогору болгон кишилер келе алышпайт. Аны да имамдар көңүлгө алышат, Кудай буюрса.
—Мечиттердин негизги киреше булагы кайсы? Мечиттерге келип, такай намаз окуган жамааттын мүчөлөрүнүн ыктыярдуу салымдары болобу? Эми жаңы шарттарга ылайыктоо, сезондук ремонт же жарык суу, электр энергиясы сыяктуу чыгашаларды мечиттер кантип жабат? Же өкмөттөн кандайдыр бир жеңилдиктер болдубу?
— Кыргызстан – светтик мамлекет, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өз ишмердигин мамлекеттен тыш, өз алдынча жүргүзөт. Ал эми ар бир мечиттин бюджеттик булагы мечитке келген жамааттын мүчөлөрүнүн салымдарынан турат. Айылда болобу, шаарда болобу жума мечитине келген жаш-кары беш убак намазын окуйт, ошону менен катар жарык, суу, оңдоп-түзөө жана башкалар боюнча чыгымдарын жамаат өзүнүн салымдары аркылуу көтөрүп келет. Бул нерсе болуп келген, эми да боло бермекчи. Биздин уставда, чарба маселесинде да бул жагы каралган, жамааттын сунушу, имамдын макулдугу менен мутавали (кассир) шайланат. Эгер жамаат мүчөлөрү мечитке каражаттан жардам берсе, ал кириштелет жана жардам берген адамга дүмүрчөк берилет. Анан ал каражаттардын иштетилиши боюнча аптасына, айына же кварталына бир жолу жамаатка отчёт берилип турат.
Эми таажы вирусуна байланыштуу чыгымдар да ошол эле тартипте каржыланат.
-Ушул жылы ажылык сапарын уюштуруу кандай болот? Баруучулардын тизмеси түзүлгөн болсо, кийинки жылга ошолор эле барабы же жаңы тизме түзүлөбү?
— Ажылык маселесине келсек, парздардын бешинчиси – эгер мусулмандын мүмкүнчүлүгү болсо, ден соолугу жакшы болсо, өмүрүндө бир жолу ажылык сапарга баруу. Бул жылкы ажылык сапар үчүн биздин областка айыл өкмөттөрдөгү статистикага жараша квоталар бөлүнгөн. Тизмелери да такталып, ошол тизме боюнча төлөмдөрүн да төлөп бүтүшкөн. Азыр Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын ажылык штабынын өкүмүн күтүп турабыз. Ал эми ажылык штабы Саудия мамлекетинин тапшырмаларын күтүп жатат. Эми Саудия мамлекети ажылык сапарга уруксат берген кезде деле биздин мамлекететибиз ага уруксат береби же жокпу, суроо бар. Себеби бизде илдеттин пайда болушу, өсүп атабы же жокпу, ошого карап Саламаттыкты сактоо министрлиги чечим чыгарат. Кээ бир массалык маалымат каражаттарында маалыматтар чыга баштады: эгерде ажылык сапары болсо деле ал Саудия тараптын ажылык талаптары боюнча ишке ашырылат. Мисалы, жашы өтүп кеткен кишилер бара албайт жана өткөн жылга карата квота аз берилиши мүмкүн. Эгер кандайдыр чечим кабыл алынса, ажылык штаб бизге кабар берет, а биз ошого жараша түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.
— Бул жылы тажывирусуна байланыштуу Курман Айт майрамын уюштуруу жагы кандай болот? Жаңы эрежелер киргизилеби?
— Алды жакта улуу Курман айт майрамы келатат. Болжол менен 31-июлда болот деп атабыз. Буюрса Курман айт намазы болот, жакшы ниеттерди кылып туралы. Себеби жума намаздарына уруксат берилди, эми буюрса айт намаздарына да жетип барабыз. Ошого жараша талаптарды мусулмандарга үйрөтүп, жогорку деңгээлде, коопсуз өткөрүүгө аракеттер болот.
Орозо айт намазы окулбай калды, буга кырдаал жол бербеди. Анткени менен беш убак намазын окубай, бирок айт намаздарына барып жүргөн жарандарыбыз да болот. Ошолор күткөн айт намазына бара албай калышты.
— Мындан ары, калыбы, коомчулук таажы вирусунун шартында жашоого көнүп, санитардык-гигиеналык маданиятты өркүндөтүү зарылдыгы келип чыгат окшойт. Бул иштерди тийиштүү бийлик органдары активдүү жайылтууга аракет кылышууда. Мында диний чөйрөнүн да салымы болушу керек деп ойлойсузбу? Эгер ошондой болсо, кандай салым кошо алар эле?
— Деген менен, таажы вирусунун бүгүнкү күндө деле вакцинасы табылган жок, ал бүгүнкү күндө деле кооптуу болуп турат. Ал эми динибизде биздин ден соолугубуз Жаратканыбыз тарабынан бизге аманат катары берилгени айтылат. Динибизде адамдын жашоосу, өмүрү, анын ден соолугу биринчи орунда турат. Динибиздеги көптөгөн шарттар, талаптар, өкүмдөр ден соолукка байланыштуу. Мисалы, ошол намаз окуш үчүн да дене-бойдун, жандүйнөнүн, намаз окуган жердин таза болушу негизги талап. Адам менен коомчулуктун, адамдардын бири-биринин ортосундагы мамиленин таза болушу да ушундай эле маанилүү.
Эми таажы вирусуна келсек, дарыгерлер ар бир 20 мүнөт сайын колду самындап жууп турууну, санитардык-гигиеналык талаптарды так аткарууну бизден талап кылып жатышат. Илдеттен сактануунун шарты ушундай экенин айтышууда. Биз илдеттен сактануу үчүн таза болууну, бири-бирибизге аяр мамиле кылып, сактанууну үйрөндүк.
Азыр биз мечиттерге атайын рейддерди жүргүзүп, санитардык-талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө ниетибиз бар. Себеби жамаат мүчөлөрү эски адаты менен социалдык аралыкты сактабай, башка да катачылыктарга жол бериши ыктымал. Дамаамат түшүндүрүү иштерин алып барууга аракет жасамакчыбыз. Ар бир намазда беткаптарды таркатуу, антсептик колдонуу колго алынган. Бул жагынан алганда биздин бюджетибиз жетишсиз болот окшойт. Ошону үчүн жамаатка ушул маселени айталы деп жатабыз. Анткени ошол эле беткап, антисептик ошол жамаат мүчөсүнүн ден соолугу үчүн керек. Аны баарыбыз түшүнүүбүз зарыл.
Учурдан пайдаланып, мен мусулман бир туугандарга кайрылып кетким келет. Мындан ары да ар бир инсан өзүнүн ден соолугуна кам көрүшү керек. Ден соолук – аманат. Ыйык Куранда Алла таала өмүрдү, ден соолукту, жанды силерге аманат бердим дейт. Өз колуңар менен өзүңөрдүн жаныңарды кыйбагыла дейт. Эгер бүгүнкү күнү биз өзүбүз сактанбасак, илдет бизге жугуп калса, балким ошонун аркасында көз жумсак, анда кайсы бир деңгээлде Кудайдын алдында жоопко тартылабыз. Кудайым сактануу жолдорун да айтып кеткен. Эгер биз эрежелерди сактасак, беткаптарды тагынсак, таза жүрсөк, илдеттен оолак болобуз. Азыр көчөгө чыгуу көбөйүп, мурдагы жашоого айланып баратат. Тилекке каршы, маалыматтардан статистиканы да көрүп атабыз, илдет жугузуп алуу өсүп баратыптыр. Коомчулук муну таразалап, өзү үчүн туура жыйынтык чыгарышы абзел.
Мына мусулмандардын мүдөөсү үчүн мечиттерди да ачып берди. Ушундай шартта мусулмандар коюлган талаптарды аткарбаса, эртең эле мечиттерибиз ошол кайдыгер мусулмандардын колу менен жабылып калбасын дейбиз. Биз аманат менен ачып берген мечиттерди кайра өз колубуз менен жаап койбойлу.
Жалил САПАРОВ, журналист.
Support for this publication was provided in part by the USG Alumni Small Grants Program, which is funded by the U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic and administered by American Councils for International Education: ACTR/ACCELS. The opinions expressed herein are the author’s own and do not necessarily express the views of either U.S. Embassy in the Kyrgyz Republic or the American Councils for International Education.
____________________
Данный материал создавался частично на средства Программы малых грантов для
выпускников обменных программ, финансируемых Правительством США. Данная программа малых грантов финансируется Посольством США в Кыргызской Республике и администрируется Американскими Советами по международному образованию: АСПРЯЛ/ АКСЕЛС. Данный материал не обязательно отражает мнение Посольства США в Кыргызской Республике или Американских Советов по международному образованию.
______________________
Бул маалыматтык материал жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.